Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 15-марты № 117-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчикбоюнча мамлекеттик агенттиги менен Даниянын патенттер жана товардыкбелгилер боюнча ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчикжаатындагы кызматташууга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун
долбоору жактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги менен Даниянын патентер жана товардык белгилер боюнча ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташууга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги (мынданары - Кыргызпатент) менен Даниянын патенттер жана товардык белгилербоюнча ведомствосу (мындан ары - «DKPTO») жана ушуну менен өздөрүнүнортосунда Өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум (мындан ары - Меморандум)түзүшөт. DKPTOнун ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп Данияда интеллектуалдыкменчик жаатында укуктарды берүү жана жөнгө салуу эсептелет; Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп КыргызРеспубликасында интеллектуалдык менчик жаатында укуктарды берүү жанажөнгө салуу эсептелет Тараптар интеллектуалдык менчик жаатында укуктар боюнча маалыматалмашуу, ведомстволор ортосунда кызматташтыкты кењейтүү үчүн жакшымамиле жана өз ара пайдалуу негиз түзүүгө умтулушуп жана эки тараптуукызматташтыктын бардык артыкчылыктарын түшүнүшүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар интеллектуалдык менчик укугу жаатындагы юридикалык иштепчыгууларга карата тийиштүү жашырын эмес маалыматтарды жана алардынведомстволорундагы уюштуруу структуралык өзгөртүүлөргө карата жашырынэмес маалыматтарды алмашып турушат. Тараптар алардын өлкөлөрүндө берилген патенттерге карата тийиштүүмаалыматтарды алмашып турушат, интеллектуалдык менчик жаатындагырасмий жарыялоолорду бири-бирине берип турушат. 2-статья Тараптар кызматташтыкты төмөнкүдөй формаларда ишке ашырышат: - интеллектуалдык менчиктин укуктарына тийиштүү ар кандайобьектилер боюнча эки тараптуу кызматташтык; - биргелешкен семинарларды, конференцияларлы жана жумушчужолугушууларды уюштуруу; - квалификацияны жогорулатуу жана маалымат алмашуу максатындаадистерди жана эксперттерди окутууну уюштуруу. 3-статья Меморандумга тийиштүү кат алышуулардын бардыгы жазуу жүзүндө ишкеашырылат жана ушул Меморандумга шилтеме берүүнү камтыйт. Тараптардынортосундагы бардык кат алышуулар англис тилинде жүргүзүлөт. 4-статья Тараптар 2-статьяда баяндалган ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүкелишим түзгөн тараптардын фондулары аркылуу эмес, башка эл аралыкуюмдар, анын ичинде Европа экономикалык биримдиги, Дүйнөлүк банк(мындан ары "Тышкы фондулар" деп аталат) аркылуу каржыланууга тийишэкендигин макулдашат. Ушундай ишмердүүлүк үчүн белгиленген Тышкы фондалынмайынча, эч кандай ишмердүүлүк башталышы мүмкүн эмес. Бирокфонддор Тараптардын өздөрү тарабынан берилиши мүмкүн экендиги жөнүндөТараптар жазуу жүзүндө макулдашат. 5-статья Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушулМеморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп калуучу, өзүнчө Протокол менентаризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 6-статья Ушул Меморандумдун жоболорун аткаруунун жүрүшүндө келип чыгуучубардык талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундасүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен жөнгөсалынат. 7-статья Бул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөнбаштап күчүнө кирет. Эгер, тиешелүү мөөнөт бүтөөрүнө алты айдан кем эмес убакыт калгангачейин Тараптардын бири -экинчи Тарапка ушул Меморандумдун колдонулушунтоктотуу жөнүндө өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, анынколдонулушу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартылат. 8-статья __________ шаарында 2006-жылдын "___" ___________ эки нускада, арбири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттербирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Даниянын патенттер жанаӨкмөтүнө караштуу товардык белгилер боюнчаИнтеллектуалдык менчик ведомствосу ("DKPTO") үчүнбоюнча мамлекеттикагенттиги үчүн Башкы директорДиректор Р. Оморов Джеспер Конгстад