Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 6-майы № 207-б
Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салыктык түшүүлөрдү алуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругу менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим аймактын салык органы тарабынан кабыл алынуучу чарбакер субъекттердин тизмеси төмөнкү мазмундагы 34-37-пункттар менен толукталсын:
"34. "Кызылкыя машина куруу заводу" АТАКы (Баткен облусу, ИНН 01109199610028).
35. "Ореми" ААКы (Бишкек ш., ИНН 02611199210126).
36. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы (Бишкек ш., ИНН 01505200110063).
37. "Альянс" ЖЧК (Бишкек ш., ИНН 01312199410061).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы аталган чарбакер субъекттерди жогоруда аталган Тизмеге киргизгендиги жөнүндө аларга расмий түрдө билдирсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |