Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2005-жылдын 10-декабры № 525-б
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 26-апрелиндеги № 191-б,
2006-жылдын 6-майындагы № 207-б,
2006-жылдын 1-июнундагы № 280-б,
2006-жылдын 12-июлундагы № 382-б,
2006-жылдын 20-октябрындагы № 596-б,
2006-жылдын 31-октябрындагы № 611-б,
2006-жылдын 27-декабрындагы № 725-б,
2007-жылдын 17-сентябрындагы № 343-б,
2007-жылдын 31-октябрындагы № 439-б,
2007-жылдын 13-декабрындагы № 539-б,
2008-жылдын 6-мартындагы № 78-б,
2008-жылдын 27-июнундагы № 317-б,
2008-жылдын 18-июлундагы № 368-б,
2008-жылдын 10-октябрындагы № 527-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 "Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык төлөнгөн сумманы бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралу" токтому менен бекитилген Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык төлөнгөн сумманы бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жача ордун толтуруу тартиби жөнүндөгү жобонун (мындан ары - Жобо) 8-главасынын 26, 27, 28-пункттарына ылайык, салыктар боюнча ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө материалдардын өз учурунда каралбашын болтурбоо максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү чечим аймактык салык органы тарабынан кабыл алынуучу чарбакер субъекттердин № 1 тиркемеге ылайык тизмеси;
- № 2 тиркемеге ылайык Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссиянын курамы;
- Комиссиянын негизги курамынын тиешелүү мүчөлөрү себептүү жок болуп калган учурда аларды алмаштыруучу Комиссия мүчөлөрүнүн № 3 тиркемеге ылайык кошумча курамы;
- Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссиянын № 4 тиркемеге ылайык иштөө регламенти;
- Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу тартиби жөнүндөгү чечим аймактык салык органы тарабынан кабыл алынуучу чарбакер субъекттердин тизмесине № 5 тиркемеге ылайык салык төлөөчүлөрдү тандоо критерийи.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| Ф.Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна № 1 тиркеме |
Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон
ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана
ордун толтуруу жөнүндө чечим аймактын салык органы
тарабынан кабыл алынуучу чарбакер субъекттердин
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 6-майындагы № 207-б,
2006-жылдын 1-июнундагы № 280-б,
2006-жылдын 12-июлундагы № 382-б,
2006-жылдын 20-октябрындагы № 596-б,
2006-жылдын 31-октябрындагы № 611-б,
2007-жылдын 17-сентябрындагы № 343-б,
2007-жылдын 31-октябрындагы № 439-б,
2008-жылдын 6-мартындагы № 78-б,
2008-жылдын 10-октябрындагы № 527-б
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. "Муза" ЖЧКсы (Бишкек ш., СТИН № 02609199110048).
2. "Эмел" ЖЧКсы (Бишкек ш., СТИН № 00202199810227).
3. "Чакан-ГЭС" АКы (Бишкек ш., СТИН № 000811200010039).
4. "Алтын Ажыдаар" ЖЧКсы (Бишкек ш., СТИН № 01809199510105).
5. "МГАТП-7" ААКы (Бишкек ш., СТИН № 01807199710054).
6. "Дастан" ТУК ААКы (Бишкек ш., СТИН № 01903199310069).
7. "Автомашрадиатор" ЖЧКсы ("Кыргазавтомаш" АКнын туунду коому, Бишкек ш., СТИН № 01110200110202).
8. "Электротехник" ААКы (Бишкек ш., СТИН № 01703199210065).
9. "Itek Аir" ЖЧКсы (Бишкек ш., СТИН № 01606199910124).
10. "Кыргыз камвол-нооту комбинаты" АКы (Бишкек ш., СТИН № 02607199510054).
11. "Бишкексүт" ААКы (Бишкек ш., СТИН № 01610199210056).
12. "Кыртызтемир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик компаниясы (Бишкек ш., СТИН № 00101199410270).
13. "Бишкек машина куруу заводу" ААКы (Бишкек ш., СТИН № 02604199410037).
14. "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКы (Бишкек ш., СТИН 01309200110066).
15. "Алтын Камар" ЖЧКсы (Жалалабат облусу, СТИН № 02408199810236).
16. "Майлуусуу электр лампа заводу" ААКы (Жалалабат облусу, СТИН № 00107199510031).
17. "Нур" ААКы (Жалалабат облусу, СТИН № 00112194410012).
18. "Ак-Алтын" БИси (Жалалабат облусу, СТИН № 03007199510019).
19. "Атласс Коттон ЛТД компани" ЖЧКсы (Жалалабат облусу, СТИН № 01508199510299).
20. "Достук" заводу АКы (Жалалабат облусу, СТИН № 01503197910019).
21. "Айдаркен сымап акционердик коому" АТАКы (Баткен облусу, СТИН № 00109199510030).
22. "Нур-КМ" АКы (Баткен облусу, СТИН № 01405199310010).
23. "Кыргызтрансавто" ААКы (Ысыккөл облусу СТИН № 00107199110041).
24. "Авторемонт заводу" АТАКы (Чүй облусу, СТИН № 01606199710245).
25. "Бакай-Инпак" кыргsз-кытай ЖЧКсы (Ч№й облусу, СТИН № 02704199810060).
26. "Карабалта тоо-кен комбинаты" ААКы (Чүй облусу, СТИН № 00902199510043).
27. "Кыргыз тажрыйба-эксперименттик заводу" ЖЧКсы (Чүй облусу, СТИН № 00203199810132).
28. "Интергласс" ЖЧКсы (Чүй облусу, СТИН № 02609200010096).
29. "Шин-Лайн" ЖЧКсы (Чүй облусу, СТИН № 02709199910209).
30. "Кант цемент-шифер комбинаты" ААКы (Чүй облусу, СТИН № 00911199510157).
31. "Үмүт и К" ЖЧКсы (Чүй облусу, СТИН № 01604199710031).
32. "Кыргызстан аба жолдорe" улуттук авиа ташуучусу" АТАКы (Чүй облусу, СТИН № 01505200110165).
33. "Кошой" ААКы (Чүй облусу, СТИН № 03112194210011).
34. "Кызылкыя машина куруу заводу" АТАКы (Баткен облусу, ИНН 01109199610028).
35. "Ореми" ААКы (Бишкек ш., ИНН 02611199210126).
36. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы (Бишкек ш., ИНН 01505200110063).
37. "Альянс" ЖЧК (Бишкек ш., ИНН 01312199410061).
38. "КХМЗ-Астра" ЖЧК (Чүй облусу, ИНН 03112200410023).
39. "Айнур заводу" ЖЧК (Бишкек ш, ИНН 02705199310049).
40. "Токмок керамикалык курулуш материалдар заводу" ААКы (Токмок ш., ИНН 03012198810021).
41. "Кадамжай сурьма комбинаты" ААК (Баткен облусу, СТИК 00501196710014).
42. "Солдати Плюс" ЖЧК (Бишкек ш., СТИК 01906200210026).
43. Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетүүчү кант комбинаты" ААКсы (Чүй облусу, СТИН 00112198910025).
44. "Елимай" ЖЧКсы (Бишкек ш., СТИН 01508200210011).
45. "ТехноЛин" ЖЧКсы (Чүй облусу, ИНН№ 01209200510183).
46. "Силикат" ААК (Чүй облусу, ИНН 00111199610077).
47. "Тансу" ЖЧК (Бишкек шаары ИНН 01705199510132).
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 317-б, 2008-жылдын 18-июлундагы № 368-б, 2008-жылдын 10-октябрындагы № 527-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси - министр Т.Коеналиев
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна № 2 тиркеме |
Кошумча нарк салыгынын ордун
толтуруу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 26-апрелиндеги № 191-б,
2006-жылдын 27-декабрындагы № 725-б,
2007-жылдын 13-декабрындагы № 539-б,
2008-жылдын 13-майындагы № 200-б,
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Куленбеков Р.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
Мазарипов А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Мунжуров А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын мамлекеттик органдардагы экономикалык укук бузуулар, кыянаттык менен пайдалануулар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Ниязалиев З.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальниги.
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси - министр Т.Коеналиев
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна № 3 тиркеме |
Комиссиянын негизги курамынын тиешелүү
мүчөлөрү себептүү жок болуп калган учурда
аларды алмаштыруучу Комиссия мүчөлөрүнүн
кошумча курамы
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 26-апрелиндеги № 191-б,
2006-жылдын 27-декабрындагы № 725-б,
2007-жылдын 13-декабрындагы № 539-б,
2008-жылдын 13-майындагы № 200-б,
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Туташев Т.С. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасы;
Ишалина Д.Я. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын начальниги;
Абдыкаимов О.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Ниязалиев З.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальниги;
Өмүрбекова М.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Жолдошова Н.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кирешелерди эсепке алуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
Мамиров Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын салык жана финансы органдарындагы салыктык жана финансылык укук бузуулар, кыянаттык менен пайдалануулар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Осмонкулов Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын төлөмдөрдү эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги.
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси - министр Т.Коеналиев
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна № 4 тиркеме |
Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу
боюнча комиссиянын иштөө
РЕГЛАМЕНТИ
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын милдеттери
III. Комиссиянын укуктары
IV. Комиссиянын иштөө тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссиянын иштөө тартибин, ишти уюштуруунун негизги эрежелери менен жол-жоболорун аныктайт (мындан ары - Комиссия). Комиссия кошумча нарк салыгы боюнча чегерүүлөрдүн, кайтарып берүүлөрдүн жана ордун толтуруулардын ачык-айкын болушун жакшыртуу максатында түзүлөт.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмүтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы N 269 токтому менен бекитилген Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык төлөнгөн сумманы бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу тартиби жөнүндөгү жобону (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын жана ушул Регламентти жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын ишине Төрага, ал жок болуп калса анын орун басары жетекчилик кылат.
4. Комиссия өз айгарым укуктарын жыйындарда жүзөгө ашырат.
II. Комиссиянын милдеттери
5. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Жобонун 2-бөлүмүнүн 8-жана 9-главаларында, 4-бөлүмүнүн 10-главасында, ошондой эле 5- жана 8-бөлүмдөрүндө аныкталган, аларды чечүү анын компетенциясына киргизилген жана аймактык салык органдары тарбынан кабыл алынышы мүмкүн болбогон маселелерди кароо;
- кошумча нарк салыгы боюнча чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө кабыл алынган чечимдерди инвентаризациялоо жана эсепке алуу;
- кабыл алынган чечимдерди ыйгарым укуктуу органга, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук казначылыгына (мындан ары - Борбордук казначылык) жана салык төлөөчүлөргө жеткирүү, кабыл алынган чечимдердин ал органдар тарабынан толук жана өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу;
- кошумча нарк салыгы боюнча чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү салык же бажы органдарынын чечимдерине байланыштуу салык төлөөчүлөрдүн даттануулары менен арыздарын кароо;
- Жободогу талаптардын сакталышын көзөмөлгө алуу, кошумча нарк салыгы боюнча ашык төлөнгөн сумманы бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү материалдар даярдалган кезде салык төлөөчүлөр боюнча Комиссия мурда кабыл алган чечимдерде тартип бузуулар болуп калса, анда ал чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- кошумча нарк салыгы боюнча ашык төлөнгөн сумманы бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимдердин жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кабыл алынган чечимди аткарууга Борбордук казначылыкка, ыйгарым укуктуу органга жиберүү.
III. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин структурасындагы органдардан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынан (мындан ары - МСИ), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынан (мындан ары МБИ) комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалымат алууга;
- МСИге, Комиссиянын курамына кирген башка структуралардын өкүлдөрүнө Комиссиянын кароосуна берилген материалдар менен маалыматтардын туура экендигин текшерүү боюнча тапшырма берүүгө;
- Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- тартип бузуулар жана алардын иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана Жобонун талаптарына туура келбегени аныкталган учурда кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү чечим аймактык салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык төлөөчүлөрдүн тизмесин түзүүгө;
- Комиссияга тиешелүү маселелерди аткаруу үчүн зарыл болгон
башка иштерди жүзөгө ашырууга.
IV. Комиссиянын иштөө тартиби
7. Комиссиянын жыйынында карала турган маселе боюнча материалдар Жобонун талаптарына ылайык даярдалып, жетекчинин колу коюлган коштомо кат менен киргизилет. Берилген документтер Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин жалпы бөлүмүндө катталышы керек.
8. Материалдар Комиссиянын жыйынына келип түшкөн кезде, ошондой эле маселе каралгандан кийин МСИге кайтарылып берилген кезде, ал материалдар атайын журналга катталат.
9. Чарбакер субъектилердин Комиссиянын кароосуна берилген алгачкы документтери маселе каралгандан кийин МСИге кайтарылып берилип, анын сактоосунда болууга тийиш.
10. Борбордук казначылык Комиссиянын кароосуна КНСти чегерүүгө/ордун толтурууга укук берүү жөнүндөгү Комиссиянын чечимдеринин аткарылгандыгы жөнүндө жума сайын маалымат берет.
11. Комиссиянын жыйыны жума сайын шейшемби күнү Комиссияга документтердин түшүшүнө жараша өткөрүлөт. Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн же төраганын (төрага жок болуп калса, анын орун басарынын) демилгеси менен кезексиз жыйын өткөрүлүшү мүмкүн.
12. Комиссиянын бардык мүчөлөрү катышкан кеңешме мыйзамдуу болуп эсептелет. Кворум болбой калган учурларда жыйын Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн макулдугу менен төрага, ал жок болуп калса анын орун басары белгилеген күнгө жылдырылат.
13. Күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча Комиссиянын чечими Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен бир добуштан кабыл алынат, протокол жазылат, ал протоколго Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
14. Маселени кароонун жана чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер протоколго жазылат.
15. Жыйындын протоколунун көчүрмөсү Комиссиянын мүчөлөрүнө алардын талаптары боюнча берилет.
16. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин кызматкери Комиссиянын катчысы болуп эсептелет.
17. Комиссиянын чечими Комиссиянын катчысы тарабынан тиешеси бар органдарга жана адамдарга кат жүзүндө берилет.
18. Күн тартибин кезектеги жыйынга бир күн калганга чейин Комиссиянын мүчөлөрүнө берүүнү, жыйынга тийиштүү материалдарды даярдоону, протоколдорду тариздөөнү Комиссиянын катчысы бир күндүн ичинде жүзөгө ашырат.
19. Комиссиянын протоколго жазылган тапшырмалары Комиссиянын бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин структурасына кирген органдары, МСИ, МБИ тарабынан сөзсүз түрдө аткарылышы керек.
20. Комиссиянын негизги курамындагы мүчөлөрүнөн бирөө же бир нечеси себептүү жок болуп калса, аларды кошумча курамдагы тиешелүү адамдар алмаштырат.
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси - министр Т.Коеналиев
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна № 5 тиркеме |
Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң)
сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып
берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү чечим
аймактык салык органы тарабынан кабыл алынуучу
чарбакер субъектилердин тизмесине киргизүү
үчүн салык төлөөчүлөрдү тандоо
критерийлери
I. Жалпы жоболор
1.1. Салык төлөөчүлөрдү тандоонун бул критерийи (мындан ары - тандоо критерийи) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 токтому менен бекитилген Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык төлөнгөн суммаларды бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарынын иштерин регламенттөөчү башка нормативдик укуктук актыларга ылайык чарбакер субъекттерди тизмеге киргизүү максатында даярдалды.
1.2. Тандоо критерийи кошумча нарк салыгы боюнча ашык төлөнгөндөрдү бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу маселелерин оперативдүү түрдө чечүүнү, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамын жана башка нормативдик укуктук актыларын сактоону камсыз кылуу максатында даярдалды.
1.3. Тандоо критерийи Тизмеге киргизүү максатында салык төлөөчүлөрдү тандоо тартибин аныктайт. Тизмеге экспортко жөнөтүлүүчү продукцияларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү чыгаруу үчүн жабдууларды, сырьелорду, материалдарды жана комплектөөчү буюмдарды өндүрүштүк циклде пайдалануучу, ошондой эле "жашыруун" грифи бар аскердик-техникалык продукцияларды чыгаруучу өнөр жай ишканалары, кошумча нарк салыгы боюнча чегерүүнүн, кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби каралган жүргүнчүлөр менен жүктөрдү эл аралык ташуучу ишканалар (мындан ары - Тизме) киргизилет.
II. Салык төлөөчүлөрдүн
Тизмесин аныктоо тартиби
2.1. Тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2.2. Тизме тандоонун ушул критерийиндеги 3-бөлүмдө каралган тандоо критерийинин негизинде түзүлөт.
2.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Тизмени аныктоо, ага толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында салык төлөөчүнүн тандоо критерийлерине туура келгенде ишке ашырылат.
2.4. Салык төлөөчү аталган Тизмеге киргизилген же андан чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы ал жөнүндө салык төлөөчүгө расмий түрдө билдириш керек.
III. Салык төлөөчүлөрдү тандоо критерийлери
3.1. Тизмеге киргизүү максатында салык төлөөчүлөрдү аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жана анын жер-жерлердеги органдары тарабынан төмөндөгүдөй тандоо критерийлери колдонулат:
1) экономикалык ишти жүзөгө ашыруу - 3 жылдан кем эмес;
2) өз активдеринин наркы (милдеттенме чыгарылгандан кийинки активдер) - 5,0 млн.сом жана андан ашык;
3) акыркы 12 календардык айдагы нөлдүк ставка боюнча салык салына турган жеткирүүлөрдүн наркы - 20,0 млн. сом жана андан ашык.
Эгерде салык төлөөчү тарабынан "нөлдүк" жеткирүү, ошондой эле салык салынуучу жана андан бошотулган жеткирүүлөр жүзөгө ашырылса, анда нөлдүк ставка боюнча салык салына турган жеткирүүлөрдүн суммасы ушундай эле жеткирүүлөрдүн жалпы баасынын 50 проценттен ашыгын түзүшү керек;
4) жашырылган салыктардын суммасы финансылык (айыптык) санкциялар менен проценттерди эсепке албагандагы акыркы 2 жылдын ичинде жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча - ар бир тийиштүү мезгил үчүн өзүнчө алынган милдеттенменин жалпы суммасы (ашык төлөнгөндөрдү эске алганда) бюджетке карата 10 проценттен ашпоосу керек.
Мисалы, "А" фирмасына акыркы 2 жылда, б.а. 2003-2004-жылда, салык боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, кошумча эсептелинди:
- 2003-жыл үчүн бардыгы 450,0 миң сом, а.и. пайдага салык - 200,0 миң сом, ФПЛЧСке которуу - 150,0 миң сом, автомобиль жолдорун пайдалангандыгы үчүн - 100,0 миң сом.
Ошол эле мезгилде фирманын 2003-жыл үчүн салык милдеттенмеси салыктын бардык түрлөрү боюнча 5000,0 миң сомду түзгөн. Демек, кошумча эсептелген (жашырылган) салыктын салыштырма салмагы - 9%ти түзөт.
- 2004-жыл үчүн (2003-жыл үчүн жүргүзүлгөндөй эле талдоо жүргүзүлүшү керек).
5) Тизмеге киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын салык же бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн козголгон кылмыш-жаза ишинин жоктугу.
3.2. Тизмеге экономикалык көрсөткүчтөрү ушул бөлүмдүн 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн бардык критерийлерге жооп берген салык төлөөчүлөр киргизилет.
Экономикалык көрсөткүчтөрү ушул бөлүмдүн 3.1-пунктунда каралган бир же эки тандоо критерийине туура келбеген салык төлөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрилигинин сунушу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашылгандан кийин, эгерде Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн алардын экономикалык иштери стратегиялык мааниге ээ болсо, Тизмеге киргизилиши мүмкүн.
3.3. Салык төлөөчүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн тандоо критерийлерине туура келиши аныкталган кезде, салык төлөөчү берген салык декларацияларында, отчетторунда, эсеп-кысаптарында, бухгалтериялык отчетторунда көрсөтүлгөн, тышкы экономикалык иш жана салык боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде алынган маалыматтары пайдаланылат.
3.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрилиги менен макулдашкандан кийин салык төлөөчүлөрдүн көрсөткүчтөрү экономикалык иштеринин начарлап кетүүсүнүн натыйжасында тандоо критерийлеринин бир нечесине туура келбесе, Тизмеден чыгарып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө укуктуу.
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчиси - министр Т.Коеналиев