Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 5-ноябрындагы № 437-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2006-жылдын 29-майы N 266-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-мартындагы № 109-6 буйругуна ылайык:

Радиациялык коргоо жана коопсуздук, радиактивдүү булактарды колдонуу, радиактивдүү материалдарды, заттарды жана калдыктарды башкаруу маселелери боюнча туруктуу иштөөчү жумушчу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Норузбаев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик экологиялык контроль башкармалыгынын начальниги, топтун жетекчиси.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Мамадалиев М. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин 3-секретары;

Бекташев Т.Д. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин экспорттук контроль жана лицензиялоо секторунун башчысы;

Бейшенкулова Р.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-радиолог;

Маматова К.П. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг, болжолдоо жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинин бөлүм начальниги.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев