Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2006-жылдын 31-майы № 275-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 24-апрелиндеги № 166-б,
2010-жылдын 13-сентябрындагы № 76-р
буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Дүйнөлүк банк каржылаган "Ишкердикке жана соодага техникалык тоскоолдуктарды азайтуу" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн координациялоону жана контролдоону камсыздоо максатында:
1. Дүйнөлүк банк каржылаган "Ишкердикке жана соодага техникалык тоскоолдуктарды азайтуу" долбоору боюнча Байкоо кеңешинин тиркелген курамы бекитилсин.
2. Байкоо кеңеши өз ишинин регламентин бекитсин.
3. Долбоордун ишке ашырылышын координациялоо жана контролдоо, анын ичинде каражаттарды кайрадан бөлүштүрүү Байкоо кеңешине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 275-б буйругу менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 13-сентябрындагы № 76-р буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Байкоо кеңешинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, Байкоо кеңешинин төрагасынын орун басары.
Байкоо кеңешинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин техникалык жөнгө салуу маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин техникалык жөнгө салуу жана өлчөөнүн бирдейлигин камсыздоо маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана өлчөөнүн бирдейлигин камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Аккредитация борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан директорлор гильдиясы" өнөр жайлык иш берүүчүлөр федерациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Базарлар, ишканалар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
ЮСАИДдин бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча).