Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 1-июну № 280-б
Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана республикалык бюджетке туруктуу салыктык түшүүлөрдү алуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна "Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим аймактын салык органы тарабынан кабыл алынуучу чарбакер субъекттердин тизмеси" деген № 1 тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 38 жана 39-пункттар менен толукталсын:
"38. "КХМЗ-Астра" ЖЧК (Чүй облусу, ИНН 03112200410023)
39. "Айнур заводу" ЖЧК (Бишкек ш, ИНН 02705199310049).".
Премьер-министр
| Ф.Кулов |