Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-майы № 274-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик архивбашкармалыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун
долбооружактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги меиеи Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик архив агенттиги менен Кытай Эл РеспубликасынынМамлекеттик архив башкармалыгы, Бишкек шаарында 1994-жылдын 23-апрелинде кол коюлган КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүнортосундагы маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагындааракеттенип, эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган достукмамилени көњүлгө алуу менен, эки өлкөнүн архив мекемелеринин ортосундагы ар тараптуукызматташуунун мындан ары өз ара өнүгүшүнө кызыгуу менен,төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1 -берене Ушул Макулдашууга, эки тараптын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай ЭлРеспубликасы катышуучулары болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз арапайда көрүүнүн жана тењчиликтин негизинде Тараптар кызматташуунуөнүктүрүшөт. 2 - берене Тараптар архивдик материалдарды сактоо жана аларды калыбынакелтирүү чөйрөсүндө заманбап технологияларды пайдалануунунтажрыйбаларын алмашат. 3 - берене Тараптар архив ишиндеги пайда болгон проблемалар боюнчамаалыматтарды беришет жана өз ара негизде архивчи-адистердижиберишүүнү ишке ашырышат. 4 -берене Тараптар архив мекемелеринин ишин уюштуруу жана тартиби боюнчаченемдик укуктук актыларды, ошондой эле архив иштери (иштөө эрежелери,илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары, илимий эмгектер, илимийконференциялар жана семинарлардын материалдары ж.б.) боюнча архивжүргүзүү жана илимий-методикалык адабияттарды жана Тараптардын архивмекемелери чыгарган архив документтеринин жыйнактарын алмашат. 5 -берене Тараптар архивдик документтерди биргелешип жарыялоону ишке ашыратжана макулдашылган тематика боюнча документтик көргөзмөлөрдүуюштурушат. 6 -берене Кытай жана Кыргызстан элдеринин тарыхы боюнча маалыматтардыкамтыган документтер менен улуттук архив фондуларын толуктоомаксатында Тараптар бири-бирине архивдик документтердин көчүрмөлөрүнберишет. Көчүрмөлөрдү өз ара берүү экваленттик негизде, акысыз, өзгөчөучурларда гана эки тарапка тењ алгылыктуу келишимдик баада жүргүзүлөт. 7 - берене Тараптар өз ара негизде, тараптардын ар биринин улуттукмыйзамдарына ылайык ведомстволук архив мекемелеринде иштөөдө экинчиТараптын изилдөөчүлөрүнө көмөк көрсөтүшөт. 8 -берене Тараптар архив документтеринин негизинде экинчи Тараптын жарандарыжана мекемелеринин социалдык-укуктук суроо-талаптарын канааттандыруудабири-бирине көмөк көрсөтүшөт. 9 — берене Тараптар эл аралык архивдик уюмдардын ишине алардын катышуусунатиешелүү маселелер боюнча кызматташууларын өнүктүрүшөт. 10-берене Ушул Макулдашуунун чегинде кызматгашуу Тараптардын өз арамакулдашуусу боюнча ишке ашырылуучу архив ишинин тармактарындагыбайланыштардын бөлөк түрлөрүнө тоскоолдук кылбайт. 11 -берене Бул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар зарыл учурда экитараптуу консультацияларды өткөрүшөт. Бул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделген өзгөрүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп эсептелет. 12 - берене Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирип, 5 жылколдонулат. Эгерде Тараптардын бири да тийиштүү мезгил бүтөөрүнө 6 ай калгангачейин анын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги тууралуу экинчиТарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, анын колдонулушу кийинки беш жылдыкмезгилдерге өзүнөн өзү узартылат. _______ шаарында 200 - жылдын «__» _______эки түп нускада кыргыз,кытай, орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалыккүчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келипчыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Мамлекеттик архивархив агенттиги үчүн башкармалыгы үчүн