Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-июнундагы № 331-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен РоссияФедерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Мамлекеттик абакемелеринин учууларынын коопсуздугу жаатында кызматташуу женүндөмакулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү мененжактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин ортосундагы Мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коонсуадугу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргооминистрлиги жана Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскержаатында кызматташуу жөнүндө 1993-жылдын 5-июлунда Москва шаарында колкоюлган келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, пайдаланылуучу авиациялык парктын бир типтүүлүгун жана учуулардынкоопсуздугун жана авиациялык кырсыктарга жол бербөө боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун арттырууга жалпы кызыкчылыкты көњүлгө алып, авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды изилдөөнүнжана жол бербөөнүн колдонулуучу системаларына карата өз ара ишенимпринциптерине негизденип, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик абакемелеринин авиациялык кырсыктары жана авиациялык чыр-чатактарыжөнүндө маалыматтарды изилдөө жана берүү жол-жоболорун өркүндөтүүгө өзара зарылдыкты таанып, өздөрүнүн мамилелерин достук жана өз ара өнөктөштүк аракет деминдетүзүүгө умтулууларын бекемдеп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Бул Макулдашууда колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет: «мамлекеттик авиация» - аскердик, чегаралык, милициялык(полициялык), бажылык жана башка мамлекеттик кызматты ишке ашыруу,мобилизациялык-коргонуу маселелерин аткаруу, ошондой эле өзгөчөкырдаалдардын алдын алуу жана табигый кырсыктарды жоюу боюнчамилдеттерди аткаруу үчун колдонулуучу авиация; «мамлекеттик аба кемеси» - мамлекеттик авиациянын мамлекеттиккызматты ишке ашыруу, ошондой эле мобилизациялык-коргонуу маселелеринаткаруу үчүн колдонулуучу аба кемеси; «авиациялык кырсык» - мамлекетгик аба кемесин учууга пайдаланууменен байланышкан, ушул аба кемесинин бортунда жүргөн кайсы-бирадамдын өлүмүнө (өлүмгө учураткан зыян тартуусуна) жана (же) ушул абакемесин жоготууга алып келген окуя; «авиациялык чыр-чатак» - мамлекеттик аба кемесин учууга пайдаланууменен байланышкан, ушул аба кемесинињ бүтүндүгүнө жана (же) анынбортунда жүргөн адамдардын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн болгон жекоркунуч келтирген, бирок авиациялык кырсыкка чейин жетпеген окуя; «олуттуу авиациялык чыр-чатак» - мамлекеттик аба кемесинин бортундажүргөн адамдардын жок дегенде биринин ден соолугуна зыян келтирилгенавиациялык чыр-чатак же авиациялык кырсык болуп аз жерден гана болбойкалганын көрсөтүүчу анын кырдаалы; «мамлекеттик аба кемесин бузуу менен болгон олуттуу авиациялык чыр-чатаю» - бузулган аба кемесин ондоого мүмкүн жана экономикалык жактанмаксатка ылайык болгон авиациялык чыр-чатак. 2-статья Тараптар мамлекеттик аба кемелеринин учууларынын коопсуздукмаселелеринде кызматташууну тењ укуктуулук, өнөктөштүк жана өз арапайда принциптеринде ишке ашырышат. 3-статья Бул Макулдашуунун максаттары үчүн Тараптардын ыйгарым укуктууоргандары төмөнкүлөр болот: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен - КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын авиациябашкармалыгы; Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинен - Россия ФедерациясынынКуралдуу Күчтөрүнүн Авиациялык учуулардын коопсуздук кызматы. Тараптар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын аталышындагыөзгөрүүлөр жөнүндө бири бирине жазуу жүзүндө, анын ичиндедипломатиялык каналдар боюнча кабарлап турушат. 4-статья Тараптар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары аркылуу: авиациялыккырсык фактысы жөнүндө маалыматтарды авиациялык кырсыктан кийин бирсутканын ичинде, ал эми алардын себептерин -териштирүү аяктаганданкийин 5 сутканын ичинде өз ара кабарлап турушат; мамлекеттик аба кемесин бузуу менен болгон олуттуу авиациялык чыр-чатак фактысы жөнүндө маалыматтарды ал аныкталгандан кийин 5 сутканыничинде, ал эми анын себептери женүндө - териштирүү аяктагандан кийин15 сутканын ичинде бири-бирине жиберип турушат; авиациялык кырсыктар жана олутгуу авиациялык чыр-чатактар боюнчамаалыматтык чыгарууларды (маалыматтарды) бири-бирине жарым жыл сайынберип турушат; учуулардын коопсуздугу боюнча профилактикалык иштерди өткөрүүбоюнча методикалык материалдарды жана сунуштарды бири-бирине бериптурушат; башка Тарап өткөрүүчү учуулардын коопсуздугун камсыздоогобагытталган иш-чараларга аскердик кызматташуунун алкагында (учуулардынксюпсуздугу боюнча конференцияларга, учуу иштерин уюштуруу боюнчажыйындарга, методикалык жыйындарга ж.б.) катышышат; учуулардын коопсуздугу жаатында профилактикалык иштерди жүргүзүүтажрыйбасын үйрөнүү (алмашуу) максатында адистердин делегацияларыналмашат. Мамлекеттик аба кемелеринде болгон авиациялык кырсыктар жана олутгуавиациялык чыр-чатактар жөнүндө маалыматтарды алмашуу орус тилиндежүргүзүлөт. Маалыматтарды өз ара алмашууну ишке ашыруу тартиби өзүнчө протоколменен аныкталат. 5-статья Тараптар ар түрдүү багыттагы эки тараптуу машыгууларды өткөрүшкөндөавиациялык учуулардын коопсуздук талаптары сакталышын контролдообиргелешкен контролдоо тобу тарабынан жүргүзүлет. Биргелешкен контролдоо тобун түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн тартибиөзүнчө протокол менен аныкталат. 6-статья Кыргыз Республикасынын же Россия Федерациясынын мамлекеттик абакемелери менен болгон, ага эки мамлекеттин авиациялык персоналыкатышкан авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактардыТараптар биргелешкен комиссия менен териштиришет. Биргелешкен комиссияны түзүү тартиби, анын ишин фннансылык жанаматериалдык-техникалык камсыздоо маселелери жана көрсөтүлгөнавиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды териштирүүтартиби өзүнчө Макулдашуу менен аныкталат. 7-статья Бул Макулдашууну ишке ашырууда Тараптар 2003-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен РоссияФедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашырын маалыматтарды өз аракоргоо жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасында жана РоссияФедерациясында мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ббришет жанасактоону камсыз кылышат. Жашырын маалыматтарды берүү Тараптардын мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Жашырын маалыматтарды берүү фактыларыТараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын протоколдору мененбелгиленет. Берилчү жашырын маалыматтарга Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарытарабынан төмөнкүлөрдөн кем эмес чектөө белгиси коюлат: Кыргыз Республикасында - «Кызматтык пайдалануу үчүн»; Россия Федерациясында - «Кызматтык пайдалануу үчүн». Тараптардын биринин жашырын маалыматты алган ыйгарым укуктуу органыөзүнүн мамлекетинин мыйзамына ылайык аны коргоону камсыздайт. Булмаалымат аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү мякулдугусуз үчүнчүТарапка берилиши мүмкүн эмес. 8-статья Россия Тарап мүмкүн болсо Кыргыз Тарапка төмөнкүлөргө жардамкөрсөтөт: авиациялык кырсыктарды жана авиациялык чыр-чатактарды россиялыкадистерди жана учуу боюнча лабораторияларды тартуу менен изилдөөгө; авария болгон техниканы изилдөөнүн алдыњкы методдорун оздөштүрүүтө; учуулардын коопсуздук органдарынын адистерин окутууну жана кесиптикдаярдыгын жогорулатууиу уюштурууга. Жардам көрсөтүү тартиби жана шарттары (анын ичинде ушул иштифинансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери) өзүнчөмакулдашуулар менен аныкталат. 9-статья Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга Макулдашуунунажырагыс бөлүгү болуучу өзунчө протоколдор менен таризделүүчүөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10-статья Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланышкан маселелерТараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда кењешүү жанасүйлөшүү жолу менен чечилет. 11-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана бешжылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер тийиштуү мезгил бүтөөрдөн алты ай мурдаТараптардын бири аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапкакабарлабаса, анын жарактуулугу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөнөзү узартылат. 200__-жылдын «___»_______ ___________ шаарында ар бири кыргыз жанаорус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана эки текст тењ бирдей күчкөээ® Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын КоргооКоргоо министрлиги үчүн министрлиги үчүн