Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-июну № 362-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагыбилим берүү жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулда-шуунун тиркелген
долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрине аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгүоњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, эларалык нормаларга таянып, эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына көњүлбуруп, билим берүү жаатындагы кызматташууну терењдетүүгө аракеттенишип, эки Тараптын ортосундагы мурдатан түзүлгөн билим берүү байланышта-рын жана билим берүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу кызматташуунун өз аракызыкчылыгын эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташат: - билим берүү системасы жана билим берүү чөйрөсүндөгү жүргүзүлүпжаткан реформалар жөнүндө маалымат алмашуу; - окуу жана окуу-методикалык, аудио жана видео материалдарды алма-шуу; - окутуучу, педагогикалык жана илимий-педагогикалык кызматкерлердиөз ара жиберишүү; - билим берүү маселелери боюнча укуктук актыларды алмашуу; - билим берүү уюмдарына аттестациялоо жана аккредитациялоожүргүзүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуугакөмөк көрсөтүү; - Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү уюмдарынын ортосундабардык дењгээлдеги кызматташууну кењейтүүгө жана терењдетүүгө көмөккөрсөтүү. 2-статья Тараптар кызматташуусун адистерди, илимий-педагогикалык кадрлардыжиберишүү, даярдоо, кайрадан даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, бир-гелешкен илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды жүргүзүүдө өнүктүрүшөт.Аларды ишке ашыруу эки Тараптын мамлекеттеринин кызыкчылыгы бар уюмда-рынын ортосунда түз келишимдерди түзүү менен ишке ашырылат, бул кели-шимдерде алардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери аныкталышыкерек. 3-статья Тараптар жыл сайын эквивалентүү негизде бакалавриат жана магистра-тура программалары боюнча окугандарды бири бирине жиберишүүнү ишке ашы-рышат. Эквиваленттүү негизде Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин ЖОЖ-дорунда окугандардын ар жылкы жалпы саны 5 кишиден ашпайт. Ушул категорияда окугандардын окуу мөөнөтүн кабыл алуучу Тарапулуттук мыйзамынын негизинде аныктайт. 4-статья Тараптардын ар бири экинчи Тараптын жарандарына тењ укукта ортобилим алууга жана жана анын жеткиликтүүлүгүнө укукту камсыз кылышат,эне тилди үйрөнүү үчүн шарт түзүшөт. 5-статья Бул Макулдашууну ишке ашыруунун финансылык шарттары Тараптар тара-бынан төмөнкүдөй аныкталат: - бул Макулдашууда каралган алмашуу программасы боюнча жиберилүүчүадамдардын транспорттук чыгымдары жиберүүчүнүн же командировкага жи-берүүчү уюмдардын өздүк каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат; - кабыл алуучу Тарап улуттук мыйзамына ылайык окугандарды окууга,китепканадан пайдаланууга (окуу куралдары, илимий-техникалык документ-тер, изилдөөчү куралдар) акы төлөөдөн бошотот, жатакана менен камсызкылат жана улуттук мыйзамына ылайык стипендия төлөп берет; - кабыл алуучу Тарап саламаттык сактоо жаатындагы улуттук мыйзам-дарынын чегинде жиберилгендерди медициналык тейлөө менен камсыз кылат,жиберүүчү Тарап аларды бөөдө кырсыктардан камсыздандыруу полисинин бо-лушун камсыз кылат; - Тараптар окугандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөгө келишине байла-нышкан чыгымдарын төлөшпөйт, үй-бүлө мүчөлөрүн жатакана жана иш мененкамсыз кылбайт. Бакалаврларды жана магистранттарды жиберишүү шарттары Тараптардынортосунда түзүлүүчү өзүнчө протоколдор менен такталат, ал ушул Макулда-шуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. 6-статья Тараптар катышуучулары болуп эсептелген башка эларалык келишимдер-ден келип чыккан укуктар менен милдеттенмелерге бул Макулдашуунун тие-шеси жок. 7-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзүнчө прото-кол менен таризделүүчү, бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсеп-телген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 8-статья Бул Макулдашууда каралган иш-чараларды ишке ашыруу Тараптардынулуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 9-статья Бул Макулдашууну колдонууда же чечмелөөдө пайда болгон Тараптарортосундагы талаш-тартыштар, Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жанаконсультациялар жолу менен чечилет. 10-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичин-деги жол-жоболорду ар бир Тараптын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгүакыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын ар бири булМакулдашууну дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүү жолу менен денон-сациялоого укуктуу. Бул Макулдашуунун колдонулушу денонсациялоо жөнүндөбилдирүү алынган күндөн тартып алты ай өткөндө токтотулат. ___________ шаарында 2006-жылдын "__"________ эки нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юри-калык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти негиз катары колдонушат. Казак Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн