Бишкек шаары,Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-июлу,№413-б КЫГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ «Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1
Жарлыгын аткаруу үчүн жана Афганстандагы согуштун ардагерлерининреспубликалык кењешин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленгентартипте: - Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун Бишкек шаары, Гоголь көч.,94 дареги боюнча жайгашкан имаратын баланска кабыл алсын; - аталган имараттын жайларын ижаралык төлөмдү албастанАфганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кењешине бекитипберсин. 2. Кыргыз Республикасынын Аскердик соту Бишкек шаары, Жунусалиевкөч., 171 дареги боюнча жайгашкан имаратында Бишкек гарнизонунунАскердик сотун жайгаштырсын. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнчамамлекеттик комитети бул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабылалуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов