Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-октябрындагы № 133-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-сентябрындагы, №556-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-6
буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык
редакцияда баяндалсын.
2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15 февралындагы № 61-6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 276-6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июлундагы № 321-6
буйругу.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін
2006-жылдын 28-сентябрындагы, №556-б
тиркеме
Айыл чарба өндүрүшүн јнүктүрүүгө бјлүнчү товардык кредиттерди
бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын
Курамы
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министринин айыл чарба продукциясын өндүрүү маселесин тейлеген орун
басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, комиссиянын
төрагасынын орун басары;
Комиссия мүчөлөрү:
"Кыргыз айыл чарбалык финансы корпорациясы" ЖТАКнын башкармасынын
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун
орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай
комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн айыл чарба продукциясын
өндүрүү маселесин тейлеген эксперти.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев