Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-октябры № 133-р
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрукка тиркеме ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 556-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Тиркеме
Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнүүчү товардык
кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын
курамы
Кыргыз Республиканын айыл чарба министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республиканын айыл чарба министринин айыл чарба продукцияларын өндүрүү маселелерин тейлөөчү орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республиканын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республиканын Ички иштер министрлигинин Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын начальниги;
«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).