Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 20-октябры № 596-б
Экспортко багытталган өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү, өнүктүрүү жана бюджетке туруктуу салык каражаттарын алуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругу менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 100000 (жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кириштөө, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөгү чечим аймактык салык органы тарабынан кабыл алына турган чарбакер субъекттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. "Кадамжай сурьма комбинаты" ААК (Баткен облусу, СТИК 00501196710014).".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКына анын жогоруда аталган Тизмеге киргизилгендиги жөнүндө расмий түрдө кабарласын.
Премьер-министр | Ф.Кулов |