Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 26-августу № 477-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 23-октябрындагы N 421-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Фи-
нансылык чалгындоо кызматынын маселелери жөнүндө" 2005-жылдын 29-декаб-
рындагы № 655 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансылык чал-
гындоо кызматын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында:
1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы
N 421-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы Бишкек шаары, Тоголокмол-
до көч., 21 "А" дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратынын
экинчи этажынын ээлеген жайларын жана администрациялык имаратка курул-
малардын жайларын бошотсун жана кийин бул буйруктун 1-пунктунда аталган
имаратта өзүнүн түзүмдүк подразделениелерин жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы бул буй-
руктун 2-пунктунда аталган имараттын экинчи этажынын жайларын жана ку-
рулмаларынын жайларын Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кыз-
матына белгиленген тартипте кошумча бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети бул буйруктун 1-пунктунда аталган жайларды кабыл
алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов