Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 23-октябры № 421-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 6-мартындагы № 81-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин балансына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имараттын үчүнчү жана төртүнчү кабаттары, биринчи кабаттагы жайлар (ашкана, вестибюль, чарбалык кошумча курулуш) жана анын жанындагы аймак;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтуна таандык Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан аймактын түндүк тарабындагы жалпы аянты 1500 (бир мин беш жүз) квадрат метр болгон курулуш материалдарды жыюу үчүн участок.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 81-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча Кыргыз илим-изилдөө жана долбоордук институту жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жайларды кабыл алуу-өткөрүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматын жайгаштыруу үчүн тиешелүү имарат же жай издеп тапсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы № 477-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |