Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-майы № 87 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу 2006-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењеишнин Ведомосттору, 2002-ж., № 5, 203-ст.)төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 1. 2-статья төмөндөгүдөй мазмундагы түшүнүк менен толукталсын: "Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Респуб-ликасынын жараны болуп саналбаган жана: - Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган четөлкөлүк жарандардын; - Кыргыз Республикасынын аймагына келген же келүүнү каалаган жа-рандыгы жок адамдардын; - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу негизде жүргөн четөлкөлүк жарандардын жана (же) жарандыгы жок адамдардын ичинен 1-стать-яда каралган жагдайлар боюнча качкын ден табууну каалагандыгы жөнүндөбилдирген адам.". 2. 6-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жашай турганжерин тандап алууга жана" деген сөздөр алынып салынсын. 3. 13-статья: статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Качкын деп таанылган адам жана аны менен келген анын үй-бүлөмүчөлөрү: - жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга фамилиясынын, атынын,үй-бүлө курамынын, үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү жөнүндө, Кыргыз Респуб-ликасынын жарандыгын же башка чет мамлекеттин жарандыгын алгандыгы туу-ралуу же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоого уруксат ал-гандыгы жөнүндө кабарлоого; - Кыргыз Республикасынын аймагында турган жерин өзгөртүүгө же Кыр-гыз Республикасынын аймагынан сырткары жашай турган жерине кетүүгө ни-еттенгендиги жөнүндө кабарлоого; - жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленгенмөөнөттөрдө кайрадан эсептен өтүүгө; - турган жерин өзгөртүүдө ыйгарым укуктуу органдан эсептен чыгуугажана жањы туруучу жерине келген күндөн тартып жети күндүн ичинде ыйга-рым укуктуу органда эсепке турууга Качкын деп таанылган адамды ыйгарымукуктуу органда эсепке тургузуу ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнжањы турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоого негиз болупсаналат."; төртүнчү бөлүк бешинчи бөлүк болуп эсептелсин. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынбир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев