Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 21-майындагы № 110 Мыйзамынын ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 22-майы № 88
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу
материалдар жөнүндө
2006-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдарды жүгүр-
түүнүн укуктук негизин аныктайт жана жарылуу энергиясын тынчтык максат-
та гана пайдаланууга тийиштүү.
I бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ:
өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар (мындан ары - жарылчу
материалдар) - өнөр жай муктаждыгы үчүн колдонулуучу жарылчу заттар
(анын ичинде ок-дары), жардыргыч каражаттар - жарылууга түрткү берүүчү
каражаттар (түрткү бергичтер), ошондой эле пиротехникалык буюмдар;
жарылчу материалдарды колдонуу (жүгүртүү) - жарылчу материалдарды,
жардыруу иштеринде колдонулуучу приборлорду жана жабдууларды иштеп чы-
гууну, сыноодон өткөрүүнү, жасоону, өлчөп ороону (тањгактоону), ташуу-
ну, сактоону, колдонууну, пайдаланууну, эсебин жүргүзүүнү, алууну, жок
кылууну (утилдештирүүнү), сатып өткөрүүнү, алып коюуну, техникалык экс-
пертизадан өткөрүүнү, экспорттоону, импорттоону, реэкспорттоону (бир
өлкөнүн товарын экинчи өлкөгө сатуу же өткөрүү), транзиттөөнү өзүнө
камтыган иштер;
жардыруу ишинде колдонулуучу приборлор - электр тогунун булагы
болгон жана жарылуу түрмөгүндөгү электр каршылыгын өлчөй турган аппара-
тура;
жардыруу иши - юридикалык жана (же) жеке жактардын чарбакер субъ-
екттердин кызыкчылыгы үчүн өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар-
ды пайдаланууга байланышкан иши;
жарылчу материалдарды жасоо - курам бөлүкчөлөрүндө химиялык заттар
же химиялык заттардын механикалык аралашмалары колдонулган жарылчу зат-
тарды, жардыруучу каражаттарды жана пиротехникалык буюмдарды жасоо;
жарылчу материалдарды тањгактоо (өлчөп ороо) - жарылчу материал-
дарды бузулуудан, булгануудан сактачу, сактоонун жана ташуунун регла-
менттелген шарттарын, ошондой эле алардын эсебин алуу мүмкүнчүлүгүн
камсыз кылуучу каражаттар же каражаттардын комплекси;
жарылчу материалдарды транспорттоо (ташуу) - жарылчу материалдарды
опурталдуу жүктөрдү коопсуз ташуунун ченемдерине жана эрежелерине ыла-
йык атайын ылайыкташтырылган транспорт каражаттары менен ташуу;
жарылчу материалдарды сактоо - жардыруу иштерин жүргүзүүнүн кооп-
суздук эрежелеринин талаптарына жооп берген сактоочу жерлерге, имарат-
тарга жана курулмаларга жарылчу материалдарды жайгаштыруу;
жарылчу материалдарды жок кылуу - жарылчу материалдарды жардыруу,
өрттөө, сууга эритүү ж.б.у.с. жолдор менен жок кылуу;
жарылчу материалдарды алып коюу - мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жарылчу
материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюу;
жарылчу материалдардын жоголушу - жарылчу материалдардын уурдалы-
шы, коромжуланышы, чачылышы же жоголушу.
2-статья. Мыйзамдын максаттары жана аны колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзамдын максаттары:
а) жарылуу энергиясын өнөр жай жана илим-изилдөө максаттарына пай-
даланууну камсыз кылуу;
б) жардыруу иштерин жүргүзүп жаткан персоналдын, калктын, мүлктүн
жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
в) жарылчу материалдарды мыйзамга каршы максатта пайдаланууга жол
бербөө болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын күчү:
а) жарылчу материалдардын бардык түрлөрүнө;
б) менчигинин түрүнө карабастан, иши жарылчу материалдарды колдо-
нуу менен байланышкан бардык юридикалык жана (же) жеке жактарга (Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик коргоо жана улуттук коопсуздук органдарынан
башкаларга) жайылтылат.
3-статья. Жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүн укуктук жөнгө салуу
Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга
жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу дагы башка ченемдик
укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Эгерде белгиленген тартип боюнча күчүнө кирген Кыргыз Республика-
сынын эларалык келишиминде ушул Мыйзамда белгиленгенден башка эрежелер
каралган болсо, анда эларалык келишимдеги эрежелер колдонулат.
4-статья. Жарылчу материалдардын мамлекеттик реестри
1. Жарылчу материалдардын мамлекеттик реестри (мындан ары - ре-
естр) Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайына колдонууга уруксат
берилген жарылчу материалдар жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт.
2. Реестрди өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик орган жүргүзөт.
5-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби
1. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнүн тартиби жана коопсуздук чара-
лары өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген тартипте бекитилет.
2. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) мамлекеттик реестрге киргизилбеген жарылчу материалдарды, өнөр
жай багытында жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланууга;
б) ушул Мыйзамдын 10-статьясында айтылган персоналы, жарылчу мате-
риалдарды сактоочу жайы (кампасы) жана жарылчу материалдарды ташуучу
транспорт каражаттары жок юридикалык жана (же) жеке жактардын жарылчу
материалдарды жүгүртүүгө катышуусуна;
в) жарылчу материалдарды жүгүртүү эрежелеринин талаптарына жооп
бербеген же пайдаланууга кабыл алынбаган объекттерде жарылчу материал-
дарды сактоого;
г) кокусунан жарылууну, ууланууну, адамдардын организмине жана ай-
лана-чөйрөгө уулуу таасирдин мүмкүн болгон кесепеттерин болтурбоого ба-
гытталган чаралар өткөрүлмөйүнчө жарылчу материалдарды колдонууга;
д) эсепке алынбаган жарылчу материалдарды иштетүүгө;
е) жарылчу материалдарды почта аркылуу жана кол жүгү катары багаж-
да же жүк ташуучу багажда жөнөтүүгө.
II бөлүм
Жарылчу мартериалдарды жүгүртүүнү
Мамлекеттик жөнгө салуу
6-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө
салуунун негиздери
Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
төмөнкүлөрдү караштырат:
а) жарылчу материалдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдерди жана
эрежелерди белгилөөнү;
б) жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна (жарылчу материалдарды пайда-
ланууга) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксаттарды
берүүнү;
в) жарылчу материалдарды сатып алуу жана сактоо укугуна күбөлүк
берүүнү;
г) жарылчу материалдарды, жардыруу иши үчүн приборлорду жана жаб-
дууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стандартташтырууну
жана сертификаттоону;
д) жарылчу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан персоналга
уруксат берүүнү регламентациялоону;
е) жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүнө мамлекеттик көзөмөл
жүргүзүүнү;
ж) жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүнө жана пайдаланылышына же-
текчилик кылуу боюнча адистердин даярдалышына мамлекеттик көзөмөлдү;
з) өнөр жайлык жарылчу заттарды жасаганда пайдаланылуучу курам
бөлүкчөлөргө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү.
7-статья. Жарылчу материалдардын жүгүртүлүшүн лицензиялоо
Жарылчу материалдарды колдонууга байланышкан иштерди лицензиялоо
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө
ашырылат.
8-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишиндеги приборлорду
стандартташтыруу жана сертификаттоо
1. Жарылчу материалдарды, жардыруу ишиндеги приборлорду жана жаб-
дууларды стандартташтыруу жана сертификаттоо төмөнкүдөй максаттар үчүн
жүзөгө ашырылат:
- ички рынокту сапатсыз жана опурталдуу продукциялардан, анын
ичинде импортко келген продукциядан коргоо үчүн;
- продукциянын адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө коопсуз-
дугун контролдоо жана айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөр
дүйнөсүн коргоо үчүн.
2. Жарылчу материалдарды, жардыруу иши үчүн приборлорду жана жаб-
дууларды сертификаттоо милдеттүү болуп саналат.
9-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу
персонал
Жарылчу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерди
жүргүзүүгө ички иштер органдары жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте тие-
шелүү күбөлүк жана уруксат алган адамдарга жол берилет.
10-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл
Кыргыз Республикасынын аймагында, пиротехникалык буюмдардан башка,
жарылчу материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдү Кыргыз Республи-
касынын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ганы, ички иштер, коргоо жана улуттук коопсуздук органдары өз компетен-
цияларынын чегинде жүзөгө ашырышат.
III бөлүм
Жарылчу материалдарды жүгүртүү менен байланышкан
иштин укуктук жоболору
11-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин
приборлорун жасоо жана сыноо
1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоого
чарбалык иш үчүн керектелүүчү жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ый-
гарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган сандын чегинде жол
берилет.
2. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоочу-
лар чыгарылган продукциянын мамлекеттик стандарттарга ылайык келишин,
ошондой эле жарылчу материалдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
3. Жарылчу материалдардын ар бир партиясы сертификатталууга, ти-
йиштүү түрдө тањгакталууга жана өзүнүн номери болууга тийиш.
12-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун
алуу жана сатып өткөрүү
1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун, анын
ичинде чет өлкөдө жасалгандарды да, алуу жана сатып өткөрүү укугуна иш-
кердик менен алектенишкен төмөнкүдөй юридикалык жана (же) жеке жактар
ээ болушат:
а) жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун жасоо,
сактоо жана сатып өткөрүү менен алектенгендер;
б) өзүнүн муктаждыгы үчүн, ошондой эле тапшырык боюнча жардыруу
иштерин аткаруучулар;
в) жарылчу материалдарды илим-изилдөө жана көрсөтүп-үйрөтүүчү мак-
саттарда пайдалануучулар;
г) ок-дары жана пиротехникалык буюмдарды сатып алуучулар, сактоо-
чулар, сатып өткөрүүлүчүлөр же аларды пайдалануучулар.
2. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун сатып
өткөрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) атайын үйрөтүлгөн жумушчусу жана башкаруучу персоналы, транс-
порту, жарылчу материалдарды туруктуу сактоочу жайы, сатып өткөрүлүүчү
жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун сертификатта-
ры болууга;
б) сатып өткөрүлүүчү жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин
приборлорунун эсебин жүргүзүүгө жана эсеп-кысап документтерин 10 жыл
бою сактоого;
в) жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун кай-
тарылышын жана коопсуз сакталышын камсыз кылууга;
г) сатып алуучуга жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин при-
борлорунун ар бир партиясына сертификат берүүгө;
д) өзүнүн кампасында башка ээлик кылуучуларга тиешелүү болгон кор-
кунучтуу материалдардын сакталышына жол бербөөгө тийиш.
13-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун
сактоо, пайдалануу, жок кылуу (утилдештирүү) жана алып
коюу
1. Жарылчу материалдар жана жардыруу ишинин приборлору өнөр жай
коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бел-
гиленген жардыруу иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык сакталууга ти-
йиш.
2. Жарылчу материалдар сакталуучу жайлар (жарылчу материалдардын
жер астындагы кампаларынан башка) ок чыгаруучу курал менен куралданган
күзөт менен кайтарылууга тийиш. Кайтаруунун түрү (ведомстволук, ведомс-
тводон тышкаркы, же келишим боюнча) жарылчу материалдардын ээси тарабы-
нан өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктуу орган жана Кыргыз Республи-
касынын ички иштер органдары менен макулдашуу боюнча аныкталат.
3. Жарылчу материалдардын жана жардыруу ишинин приборлорунун эсе-
бин алуу алардын ээси тарабынан жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бир-
диктүү эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун алып ко-
юу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө
ашырылат.
14-статья. Жарылчу материалдарды ташуу
Жарылчу материалдарды ташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
15-статья. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун
экспорттоо, импорттоо, реэкспорттоо жана транзиттөө
1. Жарылчу материалдарды жана жардыруу ишинин приборлорун экспорт-
тоо, импорттоо, реэкспорттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Жарылчу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча
транзиттөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө
ашырылат.
16-статья. Жарылчу материалдарды жүгүртүү учурунда болгон
авариялар, кырсыктар жана жарылчу материалдар жоголгон
учурлар
1. Жарылчу материалдарды жүгүртүү учурунда болгон авариялар, кыр-
сыктар жана жарылчу материалдар жоголгон учурлар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте техникалык жактан териштирилүүгө ти-
йиш.
2. Жарылчу материалдардын ээси Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын талаптарынан четтөөнүн айынан (форс-мажордук жаг-
дайдан тышкаркы) болгон аварияны жана анын кесепеттерин өзүнүн эсебинен
жоюуга милдеттүү.
IV бөлүм
Кыргыз Республикасынын жарылуу материалдарды жүгүртүү
жаатындагы мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары менен аныкталат.
18-статья. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
Жарылчу материалдарды жүгүртүү учурунда келип чыккан талаш-тартыш-
тар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
V бөлүм
Корутунду жоболор
19-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн ки-
йин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул
Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев