Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-майы № 110
Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө
(КР 2016-жылдын 26-ноябрындагы № 189, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Колдонуу максаттары жана чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү төмөнкү максаттарда жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктайт:
1) тынчтык максаттарда жарылуу энергиясын пайдаланууну камсыздоо;
2) жардыргыч материалдар менен иштеген персоналдын, калктын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүлктү жана айлана-чөйрөнү коргоо;
3) коомдук коопсуздукка кылмыштуу кол салуулардын алдын алуу;
4) Кыргыз Республикасынын жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин белгилөө:
а) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын;
б) жардыргыч материалдарды жүгүрткөн субъекттердин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин.
2. Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) өнөр жайлык багыттагы бардык жардыргыч материалдарга;
2) уюштуруу-укуктук формасына карабастан жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө катышкан юридикалык жактарга жана жеке жактарга;
3. Ушул Мыйзамдан күчү аскердик багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө, ошондой эле куралга карата патрондорду жана ок-дарыларды жүгүртүүгө жайылтылбайт.
2-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу
Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүдөгү коопсуздук - өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүнүн белгиленген тартибин бузуулардан инсандын, коомдун жана мамлекеттен корголушунун абалы;
2) жардыргыч зат - айрым тышкы таасирлердин же ички процесстердин натыйжасында жылуулукту бөлүп чыгаруу жана катуу ысытылган газдарды түзүү менен жарылууга жөндөмдүү химиялык кошулмалар же алардын аралашмасы. Мында ушундай затта жүргөн процесстердин комплекси детонация деп аталат. Демейде жардыргыч заттарга детонацияланбай, белгилүү ылдамдыкта күйгөн кошулмалар жана аралашмалар (ыргытылчу ок-дарылар, пиротехникалык курамдар) да кирет. Жардыргыч заттар энергетикалык конденсацияланган тутумдарга кирет;
3) өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар (мындан ары - жардыргыч материалдар) - өнөр жайлык максаттарда пайдаланууга арналган жардыргыч заттардын, анын ичинде күчөтүп импульс берүүчү (күчөтүү каражаттары) буюмдарды кошкондо ок-дарылардын, ошондой эле пиротехникалык каражаттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын (пиротехникалык буюмдар) жалпы аталышы;
4) жардыруу иштери - жардырууларды даярдоо жана жүргүзүү, ошондой эле алардын кооптуу кесепеттерин жоюуга байланышкан технологиялык процесстердин комплекси;
5) жардыргыч материалдарды сыноо - сактоо жана жардыруу иштеринде колдонуу үчүн жардыргыч материалдардын сапатын жана (же) жарактуулугун аныктоо;
6) маркалоо белгиси - жардыргыч заттарды камтыган буюмдарга жана (же) таңгактарына аларды идентификациялоо жана эсепке алуу максатында буюмга коюлуучу шарттуу жазуулар, белгилер, символдор жана (же) атайын маалыматтык алып жүрүүчүлөр;
7) жардыргыч материалдарды жүгүртүү - жардыргыч материалдарды чыгарууну, сыноону, таңгактоону, сатууну, ташууну, сактоону, колдонууга даярдоону, колдонууну, эсепке алууну, сатып алууну жана жок кылууну, ошондой эле аларды алып коюуну, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзитти кошкондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү жана анын чегинен тышкары ташып чыгууну камтыган иш;
8) жардыргыч материалдарды ташуу - жардыргыч материалдардын жайгашкан (буга юридикалык жактын бир аймагында жүргүзүлүүчү цехтер ортосундагы жана технологиялык ташуулар кирбейт), анын ичинде ташуунун шарттарына ылайык талап кылынуучу токтоочу жерин өзгөртүү жана жардыргыч материалдардын жайгашкан жерин өзгөрткөнгө чейин, өзгөртүү убагында жана андан кийин ташуу шарттарына ылайык талап кылынуучу транспорт каражаттарында жана контейнерлерде болгон ар кандай убакыт;
9) жардыргыч материалдарды колдонууга даярдоо - жардыргыч заттарды алып чыгуу жана аларды пайдаланууга, анын ичинде дүрмөттүк-транспорттук каражатка жүктөөгө даярдоо, күчөтүү каражаттарын жана пиротехникалык буюмдарды пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүү;
10) жардыргыч материалдарды колдонуу - жардыруу иштерин жана аталган материалдардын түз багыты менен каралган башка иш-аракеттерди аткаруу, ошондой эле аларды жүргүзүүгө даярдоо;
11) жардыргыч материалдарды өндүрүү - жардыргыч заттарды жана аларды камтыган буюмдарды жасоо, ошондой эле жаңы жардыргыч заттарды жана аларды камтыган буюмдарды иштеп чыгуу менен байланышкан илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер;
12) жардыргыч материалдарды сатуу - көрсөтүлгөн материалдардын менчик ээсин, колдонуучусун же тескөөчүсүн өзгөртүү менен байланышкан иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;
13) күчөтүү каражаттары - жардыргыч заттын детонациясын же күйүүсүн пайда кылуучу түзүлүш;
14) жардыргыч материалдардын реестри - Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жайлык пайдаланууга уруксат берилген жардыргыч материалдар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум;
15) жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекти - мыйзамдарга ылайык жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатында иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашырууга укук берилген юридикалык жак;
16) жардыргыч материалдарды жок кылуу - жардыргыч материалдарды зыянсыздандыруу (жардыруу, өрттөө, сууда эритүү);
17) жардыргыч материалдардын таңгагы - жардыргыч материалдарды бузулуулардан жана булгануулардан коргоо, алардын айлана-чөйрөгө түшүүсүнө жол бербөө үчүн арналган, ошондой эле сактоонун, ташуунун, пайдалануунун жана аларды эсепке алуу мүмкүнчүлүгүнүн регламенттештирилген шарттарын камсыздоочу каражат же каражаттардын комплекси;
18) жардыргыч материалдарды жоготуу - жардыргыч материалдар уурдалган, чачылган жана жоготулган учурлардын жалпы аталышы;
19) жардыргыч материалдарды сактоо - жардыргыч материалдарды адистештирилген жерлерге, курулмаларга жана объекттерге жайгаштыруу.
4-берене. Жардыргыч материалдар менен иштөөнүн түрлөрү
Жардыргыч материалдар менен иштөөнүн түрлөрү илимий, техникалык жана чарбалык милдеттерди чечүү үчүн жардыруу энергиясын пайдалануу иштерин жүргүзүүнүн технологиялык процесстери менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Жардыргыч материалдардын реестри
1. Жардыргыч материалдардын реестрин (мындан ары - реестр) атайын уруксат берүү функцияларына ээ жана өндүрүштүк коопсуздук жаатында мамлекеттик саясатта жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби, анда камтылган маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Жардыргыч материалдар менен иштөөнүн түрлөрү
Жардыргыч материалдар менен иштөөнүн түрлөрү илимий, техникалык жана чарбалык милдеттерди чечүү үчүн жардыруу энергиясын пайдалануу иштерин жүргүзүүнүн технологиялык процесстери менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5-берене. Жардыргыч материалдардын реестри
1. Жардыргыч материалдардын реестрин (мындан ары - реестр) атайын уруксат берүү функцияларына ээ жана өндүрүштүк коопсуздук жаатында мамлекеттик саясатта жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
2. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби, анда камтылган маалыматтарды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2-глава. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
6-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
Жардыргыч материалдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөрдү берүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды өндүрүүгө, колдонууга, жок кылууга лицензияларды;
2) жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияларды;
3) өзгөчө товарларды (жардыргыч заттар, жардыруу каражаттары жана пиротехникалар) импорттоого жана экспорттоого лицензияларды;
4) кооптуу жүктөрдү ташууга уруксатты;
5) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксатты;
6) жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксатты;
7) жардыргыч материалдарды сактоо укугуна уруксатты;
8) жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна уруксатты.
7-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө белгиленген чектөөлөр жана тыюу салуулар
1. Жардыргыч материалдар белгиленген тартипте берилген лицензиялардын жана (же) уруксаттардын негизинде гана жүгүртүүдө болушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) жеке адамдардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүсүнө;
2) ушул Мыйзамга ылайык жүгүртүүгө уруксат берилбеген, ошондой эле реестрге киргизилбеген жардыргыч материалдарды колдонууга жана сатууга;
3) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган келишим боюнча жооптуу сактоого өткөрүп берүү, ошондой эле белгиленген тартипте жардыргыч материалдарды убактылуу алып коюуда мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, өздөрү менчик ээси болуп саналбаган юридикалык жактар таап алган жана (же) аларга өткөрүлүп берилген жардыргыч материалдарды алар сактоосуна жана колдонуусуна;
4) жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинде жардыргыч материалдарды сактоочу жер, жардыргыч материалдарды ташуу үчүн транспорт каражаттары, жардыргыч материалдардын коопсуздугун, сакталышын, эсепке алынышын жана жайгаштырылуучу жерин кайтарууну уюштурууну камсыздоо үчүн жооптуу кызмат адамы, ошондой эле жардыргыч материалдар менен иштерди аткаруу үчүн талап кылынган квалификациясы жана уруксаты бар персонал жок болгон учурда, жардыргыч материалдарды өндүрүүгө, сактоого, сатууга жана колдонууга;
5) жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келбеген жардыргыч материалдарды жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн колдонууга;
6) жардыргыч материалдарды төмөнкү жерлерде сактоого:
а) аларды жайгаштыруу үчүн каралбаган; куралдуу кайтаруусуз;
б) кайтаруу, өткөрүү жана объект ичиндеги режимдердин тартибин бузуу менен;
7) жардыргыч материалдарды кол жүгү жана жол жүгү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун бардык түрлөрү менен ташууга, ошондой эле жардыргыч материалдарды почта байланышы аркылуу жөнөтүүгө;
8) жардыргыч материалдарды алардын кыймылын бул максаттар үчүн арналган эсепке алуунун жана отчеттуулуктун мамлекеттик формаларында чагылдыруусуз жүгүртүүгө.
3. Жеке адамдарга, ошондой эле юридикалык жактардын кызматкерлерине жана кызмат адамдарына табылган жардыргыч материалдарды сактоого тыюу салынат. Мындай заттардын жана предметтердин табылгандыгы жана алардын жайгашкан жери жөнүндө адамдар бир күндүк мөөнөттө укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү.
8-берене. Шайкештикти баалоо формалары
1. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүүнүн шайкештигин баалоо, ушул Мыйзамда жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт.
2. Шайкештикти баалоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) сертификаттоо;
2) мамлекеттик көзөмөлдөө.
9-берене. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сертификаттоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды жеткирип берүүчү өлкөлөрдүн аккредитацияланган уюмдарынын шайкештик сертификаттары болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жардыргыч материалдардын сертификаттарын таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалуучу өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар аларды колдонуу алдында өнөр жайлык сыноолордон милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш.
Өнөр жайлык сыноолорду өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүргүзүлөт.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөл төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) юридикалык жактар тарабынан пайдаланылуучу жайларды (курулмаларды) жана кампа объекттерин иш жүзүндө жана техникалык коргоо боюнча режимдик-күзөттүк иш-чараларга, коркунучтуу жүктөрдү ташууда, аларга куралдуу күзөттү уюштурууда, жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге кызматкерлерге уруксат берүүдө белгиленген талаптардын бузулушун табуу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жардыргыч материалдарды жүгүртүү тартибин бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу үчүн жардыргыч материалдарды өндүрүүдө, колдонууда, эсепке алууда, сактоодо, сыноодо жана жок кылууда эреже бузууларды аныктоо;
3) жардыргыч материалдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү табуу жана ага бөгөт коюу.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттеринин кызматкерлерине жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүү
1. Жардыргыч материалдар менен иштөөгө түздөн-түз уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аттестациядан өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт.
2. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ ыйгарым укуктуу орган тарабынан эки жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Жүзөгө ашырууга уруксат берилгендигин ырастаган документти алуу талап кылынган жардыргыч материалдар менен байланышкан иштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге кызматкерлерге уруксат берүүнү ырастаган документти алуу үчүн талапкер ыйгарым укуктуу органга арызды, анын квалификациясын ырастаган документти, анкетаны, ким экендигин ырастаган документти, ошондой эле жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн жоктугун, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар берүүчү соттуулугунун жоктугун же анын жоюлгандыгын ырастаган документти тапшырууга милдеттүү.
4. Уруксат берүүнү ырастаган документти алууга талапкер болгон кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти тариздөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө (тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө) маалымат алууга;
2) кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти тариздөөдөн баш тартууну белгиленген тартипте даттанууга.
5. Уруксат берүүнү ырастаган документти алууга талапкер болгон кызматкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документти тариздөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон анык жана толук маалымат берүүгө;
2) кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык таризделбей турган жагдайлар келип чыкканда жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчисине маалымдоого.
6. Жардыргыч материалдар менен иштөөгө төмөнкү кызматкерлерге уруксат берилбейт:
1) жыйырма жаш куракка толо элек;
2) тийиштүү квалификациясы жок жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өтпөгөн;
3) кылмыш жасагандыгы үчүн анын салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар;
4) аларда жардыргыч материалдар менен иштерди жүзөгө ашырууга каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медициналык корутунду бербеген;
5) коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка кол салуучу укук бузууларды бир жылдын ичинде кайталап жасаган;
6) террордук ишке же экстремисттик уюмдарга тиешеси бар эсепте (тизмелерде) турган;
7) каттоосу жана (же) туруктуу жашаган жери жок;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок.
7. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:
1) көрсөтүлгөн уруксат берүүдөн ыктыярдуу баш тартканда;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өз убагында өтпөгөндө;
3) жардыргыч материалдар менен иш жүргүзүүгө карата медициналык каршы көрсөтмөлөр болгон жагдайлар келип чыкканда;
4) соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо.
8. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документ жокко чыгарылган же убактылуу токтотулган учурда жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчиси бул адамды жардыргыч материалдар менен байланышкан иштерден четтетүүгө милдеттүү.
9. Кызматкерлерге жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштерге уруксат берүүнү ырастаган документтин наркы бланктык продукцияны даярдоого жана аны тариздөөгө иш жүзүндө кеткен чыгашалар боюнча белгиленет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан иштин укуктук жоболору
12-берене. Жардыргыч материалдарды өндүрүү жана сыноо
1. Жардыргыч материалдар өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүү жана керектөө баланстарында каралган чектерде гана, ошондой эле башка мамлекеттерге жеткирүү үчүн даярдалышы мүмкүн.
2. Жардыргыч заттардын ар бир өзүнчө колдонулуучу буюмунун өз номери, ошондой эле таңгагы жана маркасы болууга тийиш.
Жардыруу каражаттарын берүүдө аларды таңгактоо жана маркалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Жардыргыч материалдарды өндүрүү жана сыноо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Жардыргыч материалдарды сатуу
1. Жардыргыч материалдарды сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жардыргыч заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатууга лицензияга, ошондой эле сатылуучу жардыргыч материалдарга сертификаттарга ээ болууга;
2) жардыргыч материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мындай жардыргыч материалдарды сатып алууга берилген уруксаттарды көрсөткөндө гана сатууга;
3) сатып алынган жана сатылган жардыргыч материалдарды эсепке алууну жүргүзүүгө, ошондой эле эсепке алуу документтерин он жыл бою сактоону камсыздоого;
4) сатылган жардыргыч материалдар жана аларды сатып алуучулар жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органга үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө;
5) ушул Мыйзамдын 15- жана 16-беренелерине ылайык жардыргыч материалдардын сакталышын, аларды сактоо жана ташуу коопсуздугун камсыздоого.
2. Жардыргыч материалдардын ар бир партиясы пайдалануу документтери, шайкештик сертификаты жана өнөр жайлык сыноо актысы (Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жардыргыч материалдар үчүн) менен сатылууга тийиш.
14-берене. Жардыргыч материалдарды сатып алуу
1. Жардыргыч материалдарды сатып алуу укугуна төмөнкүдөй юридикалык жактар ээ:
1) жардыргыч материалдарды өндүрүү, сыноо, сактоо, колдонуу жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери;
2) эгерде бул алардын уставдарында каралса, жардыргыч материалдарды илим-изилдөө, окутуу жана көрсөтүү максаттарында пайдаланган атайын илимий жана окуу жайлары;
3) спорттук, маданий жана аңчылык уюмдары (пиротехникалык курамдарга, ок-дарыга жана аларды камтыган буюмдарга, ошондой эле күчөтүүчү тийиштүү каражаттарга гана).
2. Жардыргыч материалдарды сатып алууга уруксат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Жардыргыч материалдарды ташуу жана алардын транзити
1. Жардыргыч материалдарды ташуу уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.
2. Коркунучтуу жүктөрдү (жардыргыч материалдарды) ташууга уруксат:
1) жардыргыч материалдарды кампадан алар колдонулуучу жерге чейин дайыма ташуунун негизинде жардыргыч материалдарды ташуу учурларында (буга юридикалык жактын бир аймагында жүзөгө ашырылуучу цехтер ортосундагы жана технологиялык ташуулар кирбейт) алты айдан ашпаган колдонуу мөөнөтү менен жардыргыч материалдардын конкреттүү санына (массасына);
2) ташуучу тарабынан билдирилген ташууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтүнө, бирок ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн башка ташууларды жүзөгө ашыруу учурунда бир айдан ашпаган мөөнөткө - бир жолу ташууда ташылуучу жардыргыч материалдардын конкреттүү санына (массасына) берилет.
3. Өзгөчө кырдаалдарда жардыргыч материалдарды авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүчү, табигый кырсык болгон жерлерге ташуу ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө маалымдоо менен көрсөтүлгөн уруксатты алуусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Жардыргыч материалдарды ташуу маршруту милдеттүү түрдө ички иштер органдары менен макулдашылууга тийиш.
5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн уруксаттарды берүү, кайра тариздөө жана жокко чыгаруу тартиби, ошондой эле жардыргыч материалдардын сакталышын камсыздоого жана ташуу учурунда аларды куралдуу кайтарууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
6. Жардыргыч материалдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Мында, жардыргыч материалдарды ташуунун бардык учурлары коркунучтуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу жаатында белгиленген талаптарга ылайык гана жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Жардыргыч материалдарды сактоо
1. Жардыргыч материалдарды сактоо уруксаты бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Жардыргыч материалдар алардын сакталышын жана сактоо коопсуздугун камсыздаган, башка адамдардын кирүүсүнө жол берилбеген шарттарда сакталууга тийиш.
3. Жардыргыч материалдардын өз кампасы болбогон учурда, белгиленген тартипте сактоого тийиштүү уруксат алган жардыргыч материалдарды жүгүртүүчү башка субъекттерде жооптуу сактоо келишимдеринин негизинде, ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимди милдеттүү түрдө түзүү шарттарында жардыргыч материалдарды сактоого жол берилет.
4. Жардыргыч материалдардын кампалары (жер астындагыларды кошпогондо) ок атуучу курал менен куралданган күзөт тарабынан кайтарылууга тийиш (ведомстволук же келишим боюнча).
5. Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдарды сактоо тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Жардыргыч материалдарды колдонуу
1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери аларды өндүрүү, сыноо, таңгактоо, сатуу, ташуу, колдонууга даярдоо, эсепке алуу жана сатып алуу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, ташып кетүү жана транзиттөө учурунда көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланылышын камсыздоого милдеттүү.
2. Жардыргыч материалдарды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Жардыргыч материалдарды колдонууга, эгерде бул жоготууга, кокустукка, персоналдын же калктын уулануусуна, жаракат алуусуна же өзгөчө кырдаалдын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн болсо, тыюу салынат.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Жардыргыч материалдарга маркалоо белгилерин коюу
Жардыргыч заттарды камтыган буюмдарга, ошондой эле жардыргыч материалдар бар таңгактарга маркалоо белгилерин коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Жардыргыч материалдарды эсепке алуу
1. Жардыргыч материалдарды өндүрүүнү, сактоону, сатууну, колдонууну жана жок кылууну жүзөгө ашырган юридикалык жактардагы жардыргыч материалдарды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жардыргыч материалдарды эсепке алууну жүргүзүүгө жана эсепке алуу документтерин он жыл бою сактоого милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Жардыргыч материалдарды жок кылуу
Жардыргыч материалдарды жок кылууну лицензиясы бар юридикалык жактар аткарууга укуктуу.
Жардыргыч материалдарды жок кылууда ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптарына ылайык аларды эсепке алуу камсыздалууга тийиш.
21-берене. Жардыргыч материалдардын импорту, экспорту жана реэкспорту
Жардыргыч материалдардын импорту, экспорту жана реэкспорту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү учурунда аларды жоготуу
1. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте техникалык териштирилүүгө тийиш. Ар бир ушундай учур жөнүндө жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъектинин жетекчиси бир күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.
2. Жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурларын техникалык териштирүү боюнча атайын комиссияларды уюштуруу жөнүндө жана мындай комиссиялардын төрагаларын дайындоо жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жардыргыч материалдарды жүгүртүүдө аларды жоготуу учурларын техникалык териштирүү боюнча атайын комиссияны уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алууга жана мындай комиссиянын төрагасын дайындоого укуктуу.
3. Техникалык териштирүү боюнча атайын комиссия териштирүүгө эксперттерди жана адистерди тарта алат.
Жардыргыч материалдардын жоголуу себептерин техникалык териштирүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан камсыздалат.
4. Жасалган жосундарда укук бузуунун жана кылмыштын белгилери болгондо техникалык териштирүүнүн материалдары тийиштүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлүүгө тийиш.
5. Жардыргыч материалдар жоголгон учурлар мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формаларында эсепке алынууга тийиш.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Жардыргыч материалдарды алып коюу
1. Жардыргыч материалдарды алып коюу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) тиешелүү лицензиялары жана (же) уруксаттары жок болгондо;
2) лицензиялар жана (же) уруксаттар белгиленген тартипте жокко чыгарылганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) колго жасалган же мыйзамсыз түрдө кайра жасалган жардыргыч материалдар табылганда.
2. Жардыргыч материалдарды алып коюу, анын ичинде убактылуу алып коюу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава. Кыргыз Республикасынын жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
24-берене. Жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын, жардыргыч материалдарды жүгүртүү субъекттеринин, алардын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин, ошондой эле жеке жактардын Кыргыз Республикасынын жардыргыч материалдарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдарын бузушу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет.
25-берене. Талаштарды чечүү тартиби
Жардыргыч материалдарды жүгүртүү менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери жана иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын административдик иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
(2-абзац КР 2016-жылдын 26-ноябрындагы № 189 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2016-жылдын 26-ноябрындагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Корутунду жобо
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. 2006-жылдын 22-майындагы № 88 "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 426-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |