Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-июну № 91
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бишкек" эркин экономикалык зонасын
кайра түзүү жөнүндө
(КР 2008-жылдын 28-июлу № 173, 2017-жылдын 28-июлундагы № 155
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2006-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна тиешелүү
болгон аймактарды "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын курамынан чыга-
руу жолу менен анын чегаралары өзгөртүлсүн, ошондой эле "Бишкек" эркин
экономикалык зонасында катталып, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык ак-
ционердик коомуна тиешелүү аймакта өз иштерин жүзөгө ашырган чарба
жүргүзүүчү субъекттер курамынан чыгарылсын.
"Бишкек" эркин экономикалык зонасынын курамына Кыргыз Республика-
сынын Чүй областынын Кара-Балта шаарынын аймагындагы чыгышынан Ка-
ра-Балта өзөнү, батышынан Турар Кожомбердиев көчөсү, түштүгүнөн Са-
ры-Булак айылы, түндүгүнөн Мичурин көчөсү менен чектелген, аянты 100 га
участок киргизилсин.
(Бөлүк КР 2017-жылдын 28 - июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн
жоготту)
(КР 2008-жылдын 28 - июлу № 173, 2017-жылдын 28 - июлундагы № 155
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 155 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев