Бишкек шаары2008-жылдын 28-июлу № 173 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 1-берене. "Бишкек" эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2006-жыл, 7-июль, № 49) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын курамына Кыргыз Республика-сынын Чүй областынын Кара-Балта шаарынын аймагындагы чыгышынан Ка-ра-Балта өзөнү, батышынан Турар Кожомбердиев көчөсү, түштүгүнөн Са-ры-Булак айылы, түндүгүнөн Мичурин көчөсү менен чектелген, аянты 100 гаучасток киргизилсин.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтир-син; - ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана уюштуруу ма-селелерин чечсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев