Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-октябры N 571-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Саламаттык сактоо уюмдарына - Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборуна, Бишкек шаа-рынын N 1 шаардык клиникалык ооруканасына, Бишкек травматология жанаортопедия илим изилдөө борборуна арналган Америка Кошмо ШтаттарынынМамлекеттик департаментинин "Үмүт операциясы" долбоору боюнча гумани-тардык жардамды тоскоолсуз жана ыкчам алууну камсыздоо (биринчи этабы -2006-жылдын октябры, экинчи этабы - 2007-жылдын апрели) максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-пекциясы "Үмүт операциясы" долбоору боюнча келүүчү гуманитардык жүктүнөз убагында жана тоскоолдуксуз бажылык таризделишин камсыздасын. 2. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы: - контейнерлерди тез түшүрүп алууну жана Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигинин кампасына автотранспорт менен борбор-доштурулган жеткирүүнү жана контейнерлерди акы албастан кайра жиберүүнүуюштурсун; - жүктү алуучуларды контейнерлердин туруп калгандыгы үчүн айыптыксанкциялардан бошотсун. 3. Бишкек шаарынын мэриясы гуманитардык жүктүн Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлигинин кампасынан алуучуларга жеткири-лишин камсыздасын. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги гуманитардыкжүктү ташыган автотранспорттун арналган жерлерге тоскоолдуксуз жана ко-опсуз өтүшүн камсыздасын, зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин Мамлекеттик автоинспекциянын коштоосун уюштурсун. 5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КыргызРеспубликасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги мененбирдикте: - гуманитардык жардам линиясы боюнча келүүчү медициналык жабдуу-ларды жана медициналык арналыштагы буюмдарды кабыл алуу боюнча комиссиятүзүшсүн; - гуманитардык жүктү эсепке алууну, отчеттуулугун жана ыкчамбөлүштүрүлүшүн камсыздашсын. 6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармасына жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов