Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 30-июлу № 240-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Табигый кырсыктардан жабыр тарткан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардын кесепетинен жабырланган адамдарга жеке турак үйлөрүн курууга, реконструкциялоого мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнун тартиби жөнүндө жобого ылайык узак мөөнөттүү жењилдетилген ссуда алышпаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте 1994-жылдан тартып 1996- жылдын 25-декабрына чейинки мезгилде табигый кырсыктардан, ошондой эле 2007-жылы болгон сел ташкындарынан жабыр тарткан турак үйлөрдүн бузулуу дењгээлин 2007-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө аныктасын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 2007-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде жабыр тарткан турак үйлөрдү текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке 2,66 млн. сом бөлсүн. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев