Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Өкмөт Үйү, 2007-жылдын 8-майы N 155
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700, 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган калкка мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана мамлекеттик субсидияларды берүү жолу менен жардам көрсөтүү, жер титирөөгө туруктуу жеке менчик турак үйлөрдү курууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзүлгөн тизмесине ылайык мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды пайдаланууга чыгарсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин өтүнмөсү боюнча жеке менчик турак үйлөрдү курууга, фундамент, каркас (тирөөч дубалдарды), чатыр курууну кошо каржылоого, коммерциялык банктардын проценттик ставкаларын төлөөгө мамлекеттик субсидияларды берүү жолу менен мамлекеттик ипотекалык сертификаттардын төлөнүшүн камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Жарандык коргонуу боюнча Аймактык комиссиялар:
- табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине макулдашууга берсин;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү токтотсун.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекитилген тизмелерди 2017-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 154, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык берилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы № 182 токтому менен бекитилген 2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоочу узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалардын насыялык-күрөөлүк документтери боюнча талаптардын укуктарына макул болуу тууралуу макулдашуу түзсүн;
- насыялык-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын жана жогоруда аталган макулдашууну түзгөндөн кийин береселерге кредитордун жана алыш-бериш эсептин алмашкандыгы жөнүндө билдирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 700, 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд:
1) берилген насыялык-күрөөлүк документтердин негизинде бөлүнгөн ипотекалык ссудаларды белгиленген тартипте кайтарууну камсыз кылсын;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ипотекалык ссудаларды жана табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга бир жолку акысыз жардам берүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алууну токтотсун. Ошол эле учурда турак жай курууга мурунку траншты алган жабыркаган адамдар аткарылган иштердин актыларына ылайык тиешелүү отчетту бергенде кийинки транштарды 2026-жылдын 1-январына чейин алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Атамбаев |