Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 7-августу № 250-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-февралындагы № 67-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин структуралык подразделениелерин кызматтык жайлар менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги колдо болгон аянттарды тыгыздаштыруунун жана сарамжалдуу пайдалануунун эсебинен Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А" дарегинде жайгашкан имараттын алтынчы кабатында структуралык подразделениелери ээлеп турган он беш кабинетти бошотсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Чүй-Бишкек аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармасы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 92 дарегинде жайгашкан, пайдаланылбай турган имаратты аянты 760 кв.м. жанындагы аянты менен кошо Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин балансына Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармасын жайгаштыруу үчүн аныкталган тартипте өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 67-б буйругунун редакциясына ылайык)
2.1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борбору Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 92 дареги боюнча жайгашкан имараттын жанындагы аянты 2870 кв.м. пайдаланылбаган жер участогун андагы курулмалар менен кошо Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 67-б буйругунун редакциясына ылайык)
2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик аянты 3630 кв.м. жер участогун мамлекеттик менчикти ээликтен ажыратууга укук берилбестен мөөнөтсүз (мөөнөтүн белгилебестен) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актты Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине белгиленген тартипте берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 67-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Бажы комитетинин Бишкек шаары, Байтик-Баатыр көчөсү, 4 "А" дарегинде жайгашкан имараттан:
- тогузунчу кабатында борбордук аппараттын структуралык подразделениелери ээлеп турган жайларды;
- сегизинчи кабатында Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармасы ээлеп турган жайларды ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын капиталдык ремонту бүткөндөн кийин аныкталган тартипте бошотсун.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А" дарегинде жайгашкан имараттын алтынчы кабатынан бошотулчу он беш кабинетти Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын структуралык подразделениелерине бекитип берүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты өткөрүү-кабыл алууну аныкталган тартипте камсыздасын;
- Бишкек шаары, Байтик-Баатыр көчөсү, 4 "А" дарегинде жайгашкан администрациялык имараттын жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу кабаттарындагы жайларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетине пайдалануу укугу менен бекитип берсин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча топтомо реестрге өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 767-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 216-б буйругунун 2-пункту.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына тапшырылсын.
Премьер-министр
| А.Атамбаев |