Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-февралы № 67-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 250-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун биринчи абзацы "жанындагы аянты менен кошо" деген сөздөрдөн мурда "аянты 760 кв.м." деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пунктчалар менен толукталсын:
"2.1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борбору Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 92 дареги боюнча жайгашкан имараттын жанындагы аянты 2870 кв.м. пайдаланылбаган жер участогун андагы курулмалар менен кошо Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик аянты 3630 кв.м. жер участогун мамлекеттик менчикти ээликтен ажыратууга укук берилбестен мөөнөтсүз (мөөнөтүн белгилебестен) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актты Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине белгиленген тартипте берсин.".
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |