Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-июлундагы № 380-б буйругуна ылайык,
2008-жылдын 3-сентябрындагы N 444-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 4-сентябры № 315-б
Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасы;
Жунушалиев Туратбек Эсенкулович - Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасын дагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Айжигитов Султанбай Абдирашитович - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Асанова Гульбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Боронов Адина Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Жолчиев Бакир Дыйканович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Макаров Анатолий Михайлович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Узбеков Досмир Сатарович - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Сыдыкова Гулмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Бурханов Айткул Мустафаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кошматов Бараталы Туранович - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору;
Токтогулов Арген Каракойчуевич - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Чек ара контролу башкы башкармасынын начальнигинин орун басары;
Таиров Мелис Кадырович - Тышкы экономикалык байланыштар боюнча Ош облустук комитеттин төрагасы;
Исаев Асеин Кусеинович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору;
Назаров Жолдошбек Машырапович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);
Шоканов Нурлан Адылбекович - "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Бородин Алексей Викторович - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Рысмендиев Асан Алмазович - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;
Мураталиев Тимур Тургуналиевич - "Кыргызнефтигаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Таштемиров Адам - Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун башкы инженери;
Байсымаков Мелис Аманович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн кењешчиси;
Ниязбеков Темир Карыпбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы экономикалык байланыш бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу секретары.
2. Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-майындагы № 378 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобого таянары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы № 429 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
Премьер-министр
| А.Атамбаев |
|
|