Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-сентябры № 444-б
Бишкек шаарында 2008-жылдын 1-4-сентябрында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын экинчи отурумунун ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташуу бөлүмүнүн начальниги;
комиссиянын мүчөлөрү:
Айдаров Оросбек Бактыкеевич - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
Айткулов Медетбек Аширкулович - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Бешимов Аскар Жолчубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Давыдов Ильяс Абдуллович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Джигитов Акбар Салижанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Жекшенов Бактыбек Жекшенович - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кадыркулов Алмазбек Апандиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кайыпов Нурмат Маратович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин үчүнчү катчысы;
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Мураталиев Байымбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Ниязбеков Темир Карыпбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар жана инвестицияларды тартуу боюнча бөлүмдүн башчысы;
Ошурахунов Талант - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын республикалык радио борборунун башкы менеджери - директордун жардамчысы;
Сыдыкова Гульмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Табылдиев Тынычбек Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Тюменбаев Акылбек Рабаевич - Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|