Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 4-мартындагы N 71-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-сентябры № 367-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статья-
сына ылайык, республикалык жана региондук маанидеги, ошондой эле мамле-
кеттен ажыратылууга тийиш болгон жогорку окуу жайларынын тизмесин анык-
тоонун критерийлерин жана механизмдерин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Боронов А.А. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим
министринин орун басары, жумушчу топтун же-
текчиси;
Мамытов А.М. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин Кесиптик билим берүү башкарма-
лыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси-
нин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальни-
ги;
Жолдошов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин Кесиптик билим берүү башкарма-
лыгынын башкы адиси;
Казымбеков М.Р. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин
Аскердик билим берүү башкармалыгынын началь-
нигинин милдетин аткаруучу;
Кошмуратов А.Г. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин Кадрдык саясат жана уюштуруу иш-
тери башкармалыгынын начальниги;
Советжан Асанкадыр - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат
министрлигинин Улуттук маданий борборунун
башкы директорунун орун басары;
Сабырова Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
Социалдык чыгымдар саясаты башкармалыгынын
билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн
башчысы;
Тюбеева Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин ал-
дындагы Мамлекеттик мүлк фондунун директору.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө республикалык
жана региондук маанидеги, ошондой эле мамлекеттен ажыратылууга тийиш
болгон жогорку окуу жайларынын тизмесин аныктоонун критерийлерин жана
механизмдерин белгилеген нормативдик актынын долбоорун иштеп чыксын жа-
на Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тиеше-
лүү министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте ведомстволор аралык
жумушчу топтун иштеши үчүн зарыл шарттарды түзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Премьер-министр А.Атамбаев