Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-марты № 71-б
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясына ылайык мамлекеттен ажыратылуучу мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмесин аныктоо критерийлерин жана механизмдерин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Ормонбекова А.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Абдиева М.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн социалдык жана гендердик саясат боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Абылкасымов Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;
Ажибаев А.С. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба, жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин илим жана айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальниги;
Бекматова Р.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укуктук жана эларалык ишмердүүлүк башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Жолдошов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Естебесов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоо башкармалыгынын начальниги;
Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уюштуруу иштери башкармалыгынын начальниги;
Мамытов А.М. - Кыргыз билим берүү академиясынын президенти;
Мавлянов Абдрахман - Бишкек финансы-экономикалык академиясынын Субанкулович ректору;
Мавлянов Абдыкапар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясынын начальниги;
Субанкулович
Сарымсаков М.Б. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин укуктук колдоо жана кадр кызматы башкармалыгынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
Тюбеева Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик мүлк фондунун директору;
Шамшиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын баалуу кагаздар рыногу бөлүмүнүн начальниги;
Шейренов Б.Ш. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо жана аскердик мыйзамдар башкармалыгынын начальниги;
Эралиев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнүн башкы адиси.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө:
- мамлекеттен ажыратылуучу мамлекеттик жогорку окуу жайлардын тизмесин аныктоонун критерийлери менен механизмдерин белгилөөчү ченемдик актылардын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- республиканын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишмердигин өзүн өзү каржылоого өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 367-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |