Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 1-февралындагы № 23-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 23-октябры № 419-б
Макроэкономикалык кырдаалды оперативдүү мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макулдашылган кыска мөөнөттүү божомолдорун даярдоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин алдындагы Экономикалык стратегиялар борборунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин макроэкономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансы-экономикалык талдоо жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топтун жетекчисине зарыл учурларда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, убактылуу эксперттик топторду түзүүгө;
- мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жумушчу топтун иштерине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Жумушчу топ макроэкономикалык кырдаалга кыскача талдоону жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги параметрлеринин божомолдорун ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |