Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 32-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-февралы № 23-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилдеги макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругу менен түзүлгөн финансылык программалоо боюнча техникалык топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуунун тартибине ылайык, Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин (кеминде үчтү) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолун түзүү үчүн базалык макроэкономикалык сценарийди макулдашуу жана тандоону тиешелүү түрдө негиздөө менен Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жактырган базалык сценарийдин максаттуу орто мөөнөттү макроэкономикалык параметрлердин негизинде кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте Кыргыз Республикасын 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун түзүүгө киришсин;
- 2013-2015-жылдарга болжолдук көрсөткүчтөрдү түзүү маселесинде тармактык министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго, облустардын мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына эксперттик-методологиялык колдоону көрсөтсүн;
- "Кыргыз Республикасын жана региондорду 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун 2012-жылдын 20-февралынан кеч эмес мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 419-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |