Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 13-октябры № 393-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-мартындагы N 86-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарынын өлкөлөрүнүн аракеттенүү
зонасында бирдиктүү чегаралык, миграциялык жана визалык саясат түзүү
боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда эксперттик топ түзүлсүн:
Зарылбек уулу А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрли-
гинин Консулдук кызмат департаментинин пас-
порттук-визалык бөлүмүнүн башчысы;
Абдурахманов А.Н. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын чега-
ралык контролду уюштуруу башкармалыгынын на-
чальнигинин орун басары;
Бокаев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко-
опсуздук комитетинин бөлүм начальниги;
Кожобергенов Н.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
мамлекеттик башкаруу системасындагы чыгымдар
саясаты башкармалыгынын коргонууну, укук кор-
гоо органдарын каржылоо жана мобилизациялык
даярдык бөлүмүнүн башчысы;
Кубенов Н.К. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке ор-
ноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин мигра-
циялык саясат башкармалыгынын начальниги;
Сабыров Т.Ы. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин Паспорттук жана визалык контроль департа-
ментинин начальнигинин орун басары;
Абакова Н.Б. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин Паспорттук жана визалык контроль департа-
ментинин визалык контроль бөлү- мүнүн началь-
ниги;
Скобеев Е.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаал-
дар бөлүмүнүн референти.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-мартындагы N 86-б
буйругунун редакциясына ылайык)
2. Эксперттик топ Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарынын секрета-
риаты менен өз ара аракеттенүү аркылуу бирдиктүү чегаралык, миграциялык
жана визалык саясатты түзүү боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун
иштеп чыксын жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-
лүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев