Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 9-ноябры № 464-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен ӨзбекстанРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда Кыргыз Республи-касы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода тууралууэлектрондук маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуунун
долбооруна макулдукберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода тууралуу электрондук маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекет-тик бажы комитети жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы коми-тети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өк-мөтүнүн ортосунда бажы ишиндеги кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 27-сен-тябрындагы макулдашуунун жоболорун эске алып, соода-экономикалык мамилелерди жана өз ара түшүнүшүүлөрдү чыњдоонукаалап, өз ара маалымдоону жана электрондук каражаттарды пайдалануу мененмаалымат алмашууну жакшыртуу боюнча мамилелердин өнүктүрүү зарылдыгынтүшүнүп, бажы контролунун заманбап формаларын жана ыкмаларын киргизүү жолуменен сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулуп, Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарын коргоонукамсыз кылууга багытталган, контрабандага жана бажы эрежелерин бузуугакаршы күрөшүү тармагында эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн таанып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья Ушул Макулдашууга ылайык Тараптар акысыз негизде, өзүлөрүнүн ком-петенциясынын чегинде жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзам-дарына ылайык Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын орто-сунда өз ара соода тууралуу маалымат алмашууну жүргүзүшөт (мындан арымаалымат). 2-статья Өз мамлекеттеринин тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларыүчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында ошондой эле Тараптардын мамле-кеттеринин экономикалык коопсуздугуна болгон коркунучтун алдын алууүчүн Тараптар алынган маалыматтарды товарларды жана транспорт каражат-тарын тикелей бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү үчүн пайда-ланышат. 3-статья Тараптар ортосундагы маалымат алмашуу орус тилинде реалдуу убакытрежиминде электрондук түрдө, макулдашылган түзүм, курам, формат жанастандарттар боюнча борбордук бажы органдарынын дењгээлинде жүргүзүлөт. Берилген маалыматтын курамы ушул Макулдашуунун ажырыгыс бөлүгүболгон Тиркеме менен аныкталат. Тиркемеде келтирилген курам жана түзүм Тараптардын өз ара сүйлө-шүүлөрү боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 4-статья Бул Макулдашууга ылайык Тараптар тарабынан алынган маалымат: - жашырын деп эсептелет жана аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгүмакулдугусуз үчүнчү Тарапка берилбейт; - башка Тараптын жазуу жүзүндөгү ырастоосусуз далил, айып коюуганегиз катары колдонула албайт. 5-статья Ар бир Тарап ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн программалык тех-никалык комплекстерди түзүү боюнча чараларды көрүү менен: программалык камсыздоо, ошондой эле өз ара маалымат алмашууну кам-сыз кылган байланыш тутумун кошкондо, өзүнүн техникалык каражаттарынынкомплексин түзөт; маалыматтын ачыктык дењгээлин, документтөө тартибин, алуу мүмкүн-дүгүн, сактоону, жайылтууну жана коргоону белгилеген (жөнгө салган) че-немдерди аныктайт; электрондук маалымат алмашуу боюнча өзүнүн программалык-техникалыккомплексин ошол Тараптын мамлекеттик стандарттары боюнча маалыматтыккоопсуздукка экспертиза өткөрүүнү камсыз кылат; өз убагында маалымат берүүнү камсыз кылат. 6-статья Өз ара маалымат алмашууда кайчы маалыматтар табылганда Тараптарбири-бирине маалымдайт жана себебин тез аныктоо максатында жана керекучурда каталарды оњдоо үчүн консультацияларды өткөрүшөт. 7-статья Тараптардын биринен суроо - талап алган учурда, ал Тарап ушул Ма-кулдашуунун негизинде алынган маалыматты иштеп чыгууга жана талдоогозарыл болгон, тиешелүү классификацияланган (маалымдама) маалыматты бе-рүүгө милдеттенет. Тараптар колдонулуп жаткан классификаторлорду (маалымдамаларды)акырындап бир түргө келтирүү тууралуу макулдашат. 8-статья Бул Макулдашуунун жоболорунун Тараптар катышуучусу болгон башка эларалык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттеринетиешеси болбойт. 9-статья Бул Макулдашууга өзүнчө Протокол менен таризделүүчү жана ушул Ма-кулдашуунун 11-статьясында көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирүүчү өзгөр-түүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10-статья Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана/же ишке ашырууга бай-ланышкан талаш - тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу мененчечилет. 11-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгиленбеген мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын би-ринин экинчи Тараптан бул Макулдашуунун колдонулушун токтотууну каала-гандыгы тууралуу жазуу түрүндөгү кабарлоосун алган күндөн тартып алтыай өткөнгө чейин күчүндө болот. _________________________________ шаарында, 200____-жылдын "_____" __________________эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орустилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулда-шуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптарорус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы Мамлекеттик бажы комитети үчүн комитети үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода тууралуу электрондук маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга тиркеме -----------------------------------------------------------------------| N |Бажы органдарынын ортосунда |ЖБДнын эквиваленттик|Эскертүү || |алмашуу үчүн маалыматтардын |графасы | || |тизмеси | | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 1. |ЖБДнын номери | 7 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 2. |Жөнөтүүчү | 2 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 3. |Алуучу | 8 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 4. |Жеткирилүүчү өлкөнүн коду | 17 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 5. |Жөнөткөн өлкөнүн коду | 15 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 6. |Чыккан өлкөнүн коду | 34 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 7. |Чегарадагы бажы органынын коду | | || |жана аталышы | 29 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 8. |Чегарадагы транспорт | | || |каражаттарынын саны | 21 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 9. |Чегарадагы транспорт | | || |каражаттарынын номерлери | 21 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 10. |Чегарадагы транспорттун түрү | 25 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 11. |Товардын коду | 33 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 12. |Товарлардын сүрөттөлүшү | 31 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 13. |Нетто салмагы | 38 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 14. |Ченөөнүн кошумча бирдиктери | 41 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 15. |Кошумча бирдиктердеги | | || |товарлардын саны | 31 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 16. |Маркалоо жана орундардын саны | 31 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 17. |Бажылык жол-жоболордун коду | 37 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 18. |Статистикалык наркы | 46 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 19. |Контракттын валютасынын коду | 22 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 20. |Товардын фактуралык наркы | 42 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 21. |Контракттын номери жана күнү | 44 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 22. |Транспорттук документтин номери | 44 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 23. |Эл аралык жол менен жүк ташуулар| | || |китепчесинин номери | 53 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 24. |СМR. номери | 44 | ||-----|--------------------------------|--------------------|---------|| 25. |Контейнердин номери | 31 | |-----------------------------------------------------------------------