Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 13-декабры № 539-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кошумча наркка салыктын ордун толтуруу боюнча комиссиянын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, Комиссиянын төрагасы;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Куленбеков Р.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары;
Мазарипов А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Мунжуров А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын салык жана финансы органдарында салыктык жана финансылык укук бузууларга, кыянаттык менен пайдаланууларга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Ниязалиев З.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальниги.";
- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Комиссиянын негизги курамынын тиешелүү мүчөлөрү жүйөөлүү себептер боюнча жок болгон учурда алардын ордун алмаштыруучу Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Ишалина Д.Я. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын начальниги;
Абдыкаимов О.А. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Ниязалиев З.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальниги;
Өмүрбекова М.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын бөлүм начальниги;
Жолдошова Н.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кирешелерди эсепке алуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
Усебаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын салык жана финансы органдарында салыктык жана финансылык укук бузууларга, кыянаттык менен пайдаланууларга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматчысы;
Жанузакова А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын төлөмдөрдү эсепке алуу бөлүмүнүн улук инспектору.";
- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Кошумча наркка салыктын ордун толтуруу боюнча комиссиянын иш Регламентинде:
Регламенттин бардык тексти боюнча "МСИ" жана "МБИ" деген аббревиатуралар "СЖМК" жана "МБК" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
5-пункттун экинчи абзацында "аймактык салык органдары тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык подразделениелери тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункттун төртүнчү абзацындагы жана 6-пункттун экинчи абзацындагы "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7 жана 16-пункттарда "Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөр "Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19-пункттагы "Экономика жана финансы министрлиги, МСИ, МБИ" деген сөздөр жана аббревиатуралар "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-апрелиндеги № 191-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы № 725-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу | И.Айдаралиев |