Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 10-июну УӨ № 117-а
Кытай Эл Республикасынан келүүчү товарларды сапаттуурак жана өз убагында бажылык тариздөө зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо, ата мекендик автоташуучуларды колдоо жана жаңы иш орундарын түзүү максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки апталык мөөнөттүн ичинде:
- "Торугарт" жана "Эркештам" контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун тандоо, аларды каржылоо булактарын аныктоо, ошондой эле салмакты контролдоо пункттарын орнотуу боюнча жерине чыгуу менен изилдөө жүргүзсүн жана негизделген сунуштарды киргизсин;
- автомобилдик ташуулар тармагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча маселени иштеп чыксын;
- "Торугарт" жана "Эркештам" контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды долбоорлоо жана куруу боюнча заказчыны аныктоо жөнүндө сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисине министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 117-а тескемесине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
Жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Дордой" жана "Кара-Суу" базарларынын профсоюздук уюмдарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).