Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 23-июну УӨ № 123-а
Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан келүүчү балдарды кабыл алуу жана убактылуу жайгаштыруу боюнча уюштуруу маселелерин чечүү максатында:
1. Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан келүүчү балдарды кабыл алуу боюнча Республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Ош шаарынан келүүчү балдарды кабыл алуу боюнча Республикалык штаб:
- Ош, Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары
жана Ош шаарынын мэриясы берчү тизмелер боюнча балдарды кабыл алууну
жайгаштырууну ишке ашырсын;
- ар бир баланын муктаждыктарын аныктасын жана анын негизинде алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү документтер менен камсыздалсын;
- балдардын Ысык-Көл облусундагы ден-соолукту чыңдоочу жайларда эс алдыруу маселесин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги балдар убактылуу болчу жерлерди ( интернат тибиндеги мекемелерди) аныктасын.
4. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргызстан Профсоюздар федерациясы менен бирдикте балдарды Ысык-Көл облусундагы ден-соолукту чыңдоочу жайларда эс алдыруучу жерлерди аныктасын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги балдарды ташуу үчүн керектүү транспорт менен камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги балдардын коопсуз ташылышын камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги балдарды интернат тибиндеги мекемелерде тамактандыруу жана кармоо, Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу жайларда эс алдыруу, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынан автотранспорт менен ташуу маселелерин чечүү үчүн керектүү көлөмдөгү каражатты караштырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги келүүчү балдарды медициналык кароодон өткөрүүнү жана медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздасын.
9. Ош, Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары жана Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердеги тарбиялануучу балдарды контролдоо жана мониторингдөө боюнча комиссияларды түзүшсүн.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы № 123-а тескемесине тиркеме |
Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
Карамушкина И.Ю. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Жолдошева И.К. - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Иманалиев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу инспектордук иш жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Иманалиева Э.С. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Элебесов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Хорошман Е.Г. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы балдарды коргоо боюнча департаментинин директору;
Сулайманов Д.З. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Шайдиева Д.Ж. - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин статс-катчысы;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кадыров К.Б. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Тезекбаев К.Т. - Ош облусунун губернаторунун орун басары;
Эгембердиева Ж.Ш. - Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары;
Жолдошалиев А.т. - Ош шаарынын вице-мэри;
Алышбаев К.К. - Ысык-Көл облусунун губернаторунун биринчи орун басары;
Кайыкова Р.Ж. - Ысык-Көл райадминистрациясынын башчысынын орун басары;
Усубакунова А.И. - Бишкек шаарынын вице-мэри,
Осмонов К. - Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Кеңешинин төрагасы;
Жолдошева Ж.А. - "Курманжан Датка" кайрымдуулук коомдук фондунун төрагасы;
Дүйшөбаев М.Ж. - "Новое Поколение Согласия" коомдук бирикмесинин байкоочу кеңешинин төрагасы.