Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-июлу УӨ № 126-А
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 23-июлундагы № 6-р буйругунун
редакциясына ылайык)
Республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, ошондой эле 2010-жылы кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо үчүн дизель отуну менен камсыздоо проблемасын чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик материалдык резервдерге коюу үчүн 3,0 миң куб. метр дизель отунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууну жүргүзсүн;
- дизель отунун жеткирүүчү менен тиешелүү келишимди белгиленген тартипте түзсүн;
- мамлекеттик материалдык резервден 3,0 миң куб. метр дизель отунун брондон чыгарсын жана Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө бир литрин 2010-жылдын 24-июлуна чейин 31,0 сом, 2010-жылдын 24-июлунан баштап - 27,0 сом баасында тиркемеге ылайык өлчөмдө сатсын;
- дизель отунун сатуудан алынган акча каражаттарын республикалык бюджетке которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июлундагы № 6-р буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 3,0 миң куб. метр өлчөмүндө дизель отунун сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун мамлекеттик резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сатуунун эсебинен бюджетке түшкөн каражаттардан "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна сатып алуу жана сатуу бааларынын ортосундагы айырманын ордун толтуруу үчүн финансылык каражаттарды карасын;
- түшкөн каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда республикалык бюджеттин тиешелүү бөлүктөрүндө белгиленген тартипте эсепке алсын.
3. Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жогоруда аталган дизель отунунун көлөмүн айыл округдарына карата кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү жыйналуучу аянттарынын көлөмүнө пропорционалдуу түрдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүүнү камсыз кылсын жана 60 күндүн ичинде аны ташып жеткирүүнү уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июлундагы № 6-р буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги дизель отунун бөлүштүрүүгө мониторинг жүргүзүүнү камсыздасын жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи Орун басары |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июлундагы № 126-А тескемесине тиркеме |
Облустар боюнча дизель отунун бөлүштүрүү
┌─────────────────────────────────────────────┬───────────────────────┐
│ Облустардын аталышы │ Көлөмү (куб. м) │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│Баткен │ 380 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│Жалал-Абад │ 600 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│Ош │ 1020 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│Талас │ 76 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│Чүй │ 924 │
├─────────────────────────────────────────────┼───────────────────────┤
│Жыйынтыгы: │ 3000 │
└─────────────────────────────────────────────┴───────────────────────┘