Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-апрели № 129-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 497-б, 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 125-б буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Азербайжан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине Азербайжан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 497-б, 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 125-б буйруктарынын редакциясына ылайык)
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
Азербайжан Республикасынын Дүйнөлүк
соода уюмуна кириши жөнүндө Кыргыз Республикасы
менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы
ПРОТОКОЛ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги № 125-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы,
2004-жылдын 12-январындагы "Эркин соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга негизделген Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу соода мамилелерин динамикалуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына таянып,
эл аралык укуктун жалпыга бирдей принциптеринин жана нормаларынын базасында эл аралык соода жүргүзүүдө өздөрүнүн позициясын бекемдөөгө умтулуп,
Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуудан келип чыккан укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруу Тараптардын чарбакер субъекттерине карата соода жүргүзүүнүн шартын жакшыртат дегенге ынанып,
төмөнкүлөрдү жетекчиликке алууга макулдашты:
1. Тараптар Азербайжан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушуна тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасына карата дооматтары жок экендигин белгилешет.
2. Тараптар тийиштүү түрдө Азербайжан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушунун чегинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн аяктагандыгы тууралуу Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына маалымдашат.
______________________ шаарында 20__-жылдын "___" _______________ эки нускада кыргыз, азербайжан, орус жана англис тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун сүйлөмдөрүн чечмелөөгө карата кайчы пикирлер пайда болгон учурда тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасы үчүн | Азербайжан Республикасы үчүн |