Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 125-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "экономикалык жөнгө салуу" деген сөздөр экономика жана монополияга каршы саясат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Азербайжан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши жөнүндө протоколдун долбоорунда:
сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"______________________ шаарында 20__-жылдын "___" _______________
эки нускада кыргыз, азербайжан, орус жана англис тилдеринде аткарылды, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун сүйлөмдөрүн чечмелөөгө карата кайчы пикирлер пайда болгон учурда тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.".
Премьер-министр | Ө.Бабанов |