Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 2-апрели № 116-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соо-да министрлиги менен Словакия Республикасынын Экономика министрлигининортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун
долбооруна принциптүүэмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүменен макулдук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги менен Словакия Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика-лык өнүктүрүү жана соода министрлиги жана Словакия Республикасынын Эко-номика министрлиги, Словакия Республикасынын Европалык Союздагы мүчөлүгүн эске алып, Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон экономикалык кызматташ-тык жагындагы эл аралык келишимдердин жоболорун эске алып, Тараптардын мамлекеттеринин Дүйнөлүк соода уюмунун чегинде кабылалынган милдеттерин бекемдеп, экономикалык мамилелер жагындагы, тактап айтканда өз ара товар жү-гүртүүнү жана көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүн көбөйтүүгө багытталганкызматташтыкты ишке ашыруудан жана өнүктүрүүдөн өз ара пайданы түшүнүүменен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыкөз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө төмөнкү багыттар боюнча кө-мөк көрсөтүшөт: - соода тармагында; - өнөр жай өндүрүшү тармагында; - энергетика жана газ өнөр жайы тармагында; - туризм тармагында; - инвестициялар, инновациялар жана экономикалык долбоорлорду кар-жылоо тармагында. 2-статья. Тараптар кызматташтыкты төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырышат: 1) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык соода,өнөр жай, инвестициялар жаатындагы маалыматтарды жана статистикалык ма-алыматтарды алмашуу; 2) техникалык нормаларга, гигиеналык жана фитосанитардык чаралар-га, продукциянын коопсуздугуна милдеттүү талаптарга жана өлкөлөр орто-сунда жеткирилүүчү товарлар менен байланышкан ар кандай башка чараларгатиешелүү маалыматтарды алмашуу; 3) өз ишмердигин эл аралык соода тармагында ишке ашыруучу Тарап-тардын компетенттүү органдары тарабынан рынокту изилдөө; 4) өз ара сооданын негизги факторлорун изилдөө; 5) Тараптардын мамлекеттеринин ишкерлерин экономикалык жана инвес-тициялык потенциалы менен тааныштыруу, экономикалык мамилелерди чыњдоожана бул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн болгон каражаттарды(көргөзмө, симпозиум, семинар, жумушчу топтордогу жарнак жана презента-циялар) пайдалануу; 6) соода миссияларды жана бизнес-форумдарды уюштуруу жана өткөрүү. 3-статья. 1. Тараптар мындан ары "Комиссия" деп аталуучу соода-экономикалыккызматташуу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүшөт. 2. Комиссия төмөнкүдөй милдеттерди аткарат: - экономикалык кызматташуунун абалын системалуу түрдө кароо жанабаалоо жүргүзүү; - экономикалык кызматташууну андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштардыдаярдоо; - экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү чектөөчү проблемалардыаныктоо жана аларды жок кылуу максатында тиешелүү чараларды көрүү; - ушул Меморандумду колдонууга же чечмелөөгө тийиштүү талаш масе-лелерди талкуулоо. 3. Комиссиянын заседаниеси зарылдыгына жараша Кыргыз Республика-сында жана Словакия Республикасында кезек менен өткөрүлөт. 4. Комиссиянын заседаниеси протокол менен таризделет. 5. Тараптар Комиссиянын ишине байланыштуу чыгымдарын өз алдынчатартышат. 4-статья. 1. Бул Меморандумдун жоболору Кыргыз Республикасы же Словакия Рес-публикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден, ошондойэле алардын эл аралык уюмдарга мүчөлүгүнөн келип чыгуучу Тараптардынукуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт. 2. 1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган, бир та-раптан Кыргыз Республикасы экинчи тараптан Европалык союздун жана союз-га мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүн-дө макулдашуу кийинки өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен ушул Мемо-рандум менен жөнгө салынуучу маселелерге карата артыкчылык күчкө ээ бо-лот. 5-статья. 1. Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Меморандумга Тараптардын макулдугу менен өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризде-лет жана ушул Меморандумдун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. 3. Бул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бирибашка Тараптан анын аракетин токтотууну ниеттенгени тууралуу жазуу тү-рүндө билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай бүткөнгө чейин колдонулат. Бул Меморандум ____________ шаарында 2008-жылдын "________"_______________, эки нускада ар бири кыргыз, орус жана словак тилдерин-де түзүлдү, мында баардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо,Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү Экономика министрлиги жана соода министрлиги үчүн үчүн