Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-майы № 212-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Чегарасыз да-рыгерлер гуманитардык уюмунун ортосундагы Швейцариянын чегарасыз дары-герлер гуманитардык уюмунун Кыргыз Республикасындагы статусу жана ар-тыкча укуктары жөнүндө макулдашуунун
долбоору принциптүү эмес мүнөздөгүоњдоолор жана толуктоолор киргизилиши мүмкүндүгүн эске алуу менен жак-тырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрине жогоруда аталган Ма-кулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолорду киргизүү укугу мененКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берил-син. 3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда аталган Ма-кулдашууга кол коюлгандан кийин мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруумаксатында бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тар-типте киргизсин. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Чегарасыз дарыгерлер гуманитардык уюмунун ортосундагы Швейцариянын Чегарасыз дарыгерлер гуманитардык уюмунун Кыргыз Республикасындагы статусу жана артыкча укуктары жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү(мындан ары - Өкмөт) жана Швейцариянын Чегарасыз дарыгерлер Гуманитар-дык уюму (мындан ары - ЧД-Швейцария), ЧД-Швейцариянын кыйын абалдагы элге улуттук таандыгына, жынысына,динине, философиялык жана саясий ишенимине карабастан медициналык гума-нитардык жардам көрсөтүү боюнча ишин эске алып, Кыргыз Республикасынын таламдарын жана ЧД-Швейцариянын Кыргыз Рес-публикасынын пенитенциардык тутумунда медициналык колдоо боюнча ти-йиштүү долбоорлорду ишке ашырууну каалоосун эске алып, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты: 1-берене. ЧД-Швейцариянын статусу Кыргыз Республикасында ЧД-Швейцария ушул Макулдашууда баяндалганартыкчылыктарды, ыйгарым укуктарды жана жењилдиктерди пайдаланат. 2-берене. Укуктук субъект болуу ЧД-Швейцария юридикалык жак укугуна ээ. Өкмөт ЧД-Швейцария кели-шимдер боюнча өзүнө милдеттенме алууга, сотторго кайрылууга жана укук-тарга ээ болууга, ошондой эле козголмо жана кыймылсыз мүлк сатып алуугажана аны башкарууга укуктуу экенин тааныйт. 3-берене. Байланыш каражаттары 1. ЧД-Швейцария Женевадагы штаб-квартирасы менен, башка эл аралыкмекемелер, өкмөттүк түзүмдөр, ошондой юридикалык жактар жана жеке адам-дар менен байланыш түзүү үчүн ылайык көргөн байланыштын каалаган кара-жаттарын, радиожыштык спектрин пайдаланган байланыш каражаттарынан баш-касын, расмий максатта жана эч бир кийлигишүүсүз эркин пайдалана алат. 2. ЧД-Щвейцария байланыш тармагын жөнгө салуучу орган тарабынантиешелүү тартипте берилген уруксаты болгон учурда өз имараттарында ра-диобайланыш жабдуусун орнотууга жана көчмө жабдууну мамлекеттин аймагы-нын чегинде пайдаланууга укуктуу. ЧД-Швейцария Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин ыйгарымукуктуу органдары тарабынан ушул максатта ыйгарылган жыштыктарды пайда-ланат. 3. Расмий байланыштарга тийиштүү бардыгында ЧД-Швейцария приори-теттер, тарифтер жана салыктар жагынан өкмөттөр аралык уюмдарга бе-рилчүдөн кем эмес ыњгайлуу режимди пайдаланат. 4-берене. ЧД-Швейцариянын отчетторунун, корреспонденциясынын жана башка байланыш каражаттарынын жашырындыгы Өкмөт ЧД-Швейцариянын отчетторунун, корреспонденциясынын жана баш-ка каражаттарынын жашырындыгын сактоого милдеттенет. Бул алардын мазму-нун белгиленген алуучулардан башка адамдарга жана/же уюмдарга таратпоо-ну, жана аларды ЧД-Швейцариянын жазуу түрүндөгү алдын ала уруксатысызсот өндүрүшүнүн жүрүшүндө колдонбоону өзүнө камтыйт. 5-берене. ЧД-Швейцариянын финансы ресурстары 1. ЧД-Швейцария валюталарды алмаштырууну жана ушуга байланыштуубашка маселелерди жөнгө салган мыйзамдар жана эрежелер менен чектелбес-тен улуттук же чет элдик валютага же башка финансы активдерине ээ болу-уга, ошондой эле каалаган валютада эсептерди кармоого укуктуу. 2. ЧД-Швейцария өлкөгө, өлкөдөн жана өлкөнүн ичинде улуттук же четэлдик валютадагы каражаттарды эркин которууга, ошондой эле мындай ак-тивдерди башка валютага эркин айландырууга укуктуу. 6-берене. Салыктардан бошотуу 1. ЧД-Швейцария, расмий пайдаланууга арналган анын активдери, ки-решелери жана мүлкү кызматтардын конкреттүү түрлөрү үчүн жыйымдарданбашка бардык тике салыктардан бошотулат. 2. ЧД-Швейцария Кыргыз Республикасында жардам көрсөтүү боюнчаЧД-Швейцариянын программалары үчүн кызматтык пайдаланууга арналган жебашка мамлекет үчүн арналган импорттолгон жана жергиликтүү сатып алын-ган бардык сатып алууларга жана материалдарга, фармацевттик продукту-ларга, медициналык жабдууга жана транспортко кошумча нарк салыгынан бо-шотулат. Өкмөт мындай салыктан бошотуу же анын ордун толтуруу боюнчазарыл чараларды көрөт. 7-берене. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу 1. ЧД-Швейцария бажы төлөмдөрүнөн, салымдардан, бажыдан өтүүгөбайланыштуу чыгымдардан жана башка жыйымдардан, ошондой эле кызматтыкпайдаланууга арналган буюмдарга, жана Кыргыз Республикасында же башкамамлекетте жардам көрсөтүү боюнча ЧД-Швейцариянын программаларына ар-налган буюмдарга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы импорттук,экспорттук же транзиттик чектөөлөрдөн жана тыюу салуулардан бошотулат. 2. ЧД-Швейцария табигый кырсыктарда, кыйроолордо, аварияларда,өзгөчө жана элдин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурган курал-дуу жањжал сыяктуу башка жагдайларда Кыргыз Республикасында же башкаөлкөлөрдө гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн аба транспорту мененжүктөрдү ташууда аэронавигациялык тейлөө (абадагы кыймылды тейлөө, ави-ациялык электробайланыш, метеорологиялык жана аэронавигациялык маалы-маттар, издөөчү куткаруучу күчтөр жана каражаттар менен камсыздоо) үчүнжыйымдардан бошотулат. 8-берене. Колдонулушу 1. Кызматтык колдонууга жана ЧД-Швейцариянын Кыргыз Республикасын-да жардам берүү боюнча программаларына арналып, бажы жыйымдарынан,алымдарынан жана салыктардан бошотулган сырттан сатып алынган буюмдаржана материалдар, дары-дармектер, медициналык жабдуулар жана унааларакысыз өткөрүлүп берилет. 2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар сатылса, андаТараптардын улуттук мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген жоболорколдонулат. 9-берене. Чет өлкөлүк кызматкерлерди салыктардан бошотуу Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген, же Кыргыз Рес-публикасында туруктуу жашабаган ЧД-Швейцария эл аралык персоналынынмүчөлөрү эмгек акыга жана акынын башка түрлөрүнө салыктын бардыктүрлөрүнөн миссиянын бүткүл мезгилинде бошотулат. 10-берене. Өкүлчүлүк мүчөлөрүнүн статусу Ички тополоњдор жана куралдуу жањжал учурунда алар кетүүнү кааласаЧД-Швейцария эл аралык персоналынын мүчөлөрү үчүн жана алардын үйбүлөмүчөлөрү үчүн алар коопсуз жана тез деп эсептеген жол менен өлкөдөн чы-гып кетүү үчүн зарыл шарттар түзүлөт. 11-берене. Чечмелөө Бул Макулдашуу ЧД-Швейцарияга өз милдеттенмелерин жана функцияла-рын толук өлчөмдө жана натыйжалуу аткарууга жана өз программаларын ишкеашырууга мүмкүндүк берүү үчүн анын негизги максаттары жагдайында чечме-ленет. 12-берене. Талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салуу 1. Ушул Макулдашуунун Тараптары ортосунда Макулдашууну чечмелөөгөже колдонууга байланыштуу бардык талаш-тартышты жөнгө салуу Тараптарортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен ишке ашырылат. 2. Тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын жа-на ишмердигине байланыштуу ЧД-Швейцариянын кызыкчылыктарын эске алышат.Алар талаштарды жөнгө салуу Тараптар ортосунда жакшы мамилелерди сактооүчүн зарыл болгон ыктыярдуулук жана тењ укуктуулук духунда, ошондой элеакылга салуу негизинде болушу үчүн мүмкүн болгондун баарын жасашат. 13-берене. Бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун текстинеөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Макулдашуунун 14-15-бере-нелеринде көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирүүчү жана колдонулуучу Прото-колдор менен таризделет. 14-берене. Күчүнө кирүү Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат жанаКыргыз Республикасынын Өкмөтү анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекетичиндеги жол-жоболорду аткарганы тууралуу ЧД-Швейцарияга жазуу түрүндөбилдирген күндөн баштап күчүнө кирет. Салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотуу ратификациялаган учур-дан баштап колдонулат. 15-берене. Макулдашууну колдонуу жана аны токтотуу тартиби Бул Макулдашуу беш жыл бою күчүндө болот жана эгерде Тараптардынбири 6 айдан кем эмес убакыт мурдатан Макулдашуунун күчүн токтотуу туу-ралуу кат түрүндө билдирүү жолу менен анын күчүн токтотпосо, кийинкибеш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартылат. Бишкек шаарында _____________________, ар бири кыргыз, орус жанаанглис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келипчыкса орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын "Чегараларсыз Дарыгерлер Өкмөтү үчүн Швейцария" үчүн