Бишкек ш, Өкмөт Үйү2008-жылдын 14-майы, № 210 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен ЛитваРеспубликасынын Улуттук коргонуу министрлигинин ортосундагыКызматташтык жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик жана расмийтилдердеги тиркелген
долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин. Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Литва Республикасынын Улуттук коргонуу министрлигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана ЛитваРеспубликасынын Улуттук коргонуу министрлиги (мындан ары-Тараптар), Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө умтулуп, Тараптар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасын колдоп, болгон ыйгарым укуктарынын алкагында аракеттенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Максаттары Тараптар аскер жаатындагы кызматташтыкты эл аралык укук-тардын нормаларына жана Тараптардын мамлекеттеринин улут-тук мыйзамдарына ылайык, өз ара пайда принцибин карманууменен өнүктүрүшөт. 2-статья Макулдашуунун статусу Бул Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасынын жанаЛитва Республикасынын улуттук мыйзамдарына, ошондой элеТараптардын мамлекеттеринин бири же экөө тењ катышуучуболгон эларалык келишимдерге карама-каршы келбейт. 3-статья Кызматташтык чөйрөлөрү 1.Тараптар кызматташтыкты төмөнкү багыттар боюнча жүргүзөт: а) аскер кадрларын даярдоо; b) кризистик кырдаалдарды башкаруу жана тынчтыкты сактообоюнча эларалык операциялар; с) куралдуу күчтөрдүн ишмердүүлүгүн төмөнкү жааттарда уюштуруу: комплектөө, башкаруу жана ооруктук камсыз кылуу; d) "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагындагыкызматташтык; е) өз ара кызыкчылыкты жараткан башка чөйрөлөр. 2. Бул Макулдашууда көрсөтүлгөн кызматташтыктын багыттарынынтизмеси Тараптардын макулдашуусу боюнча толукталышы же кыскартылышы мүмкүн. 3. Бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматташтыктын багыттарын ишке ашыруу максатында өзүнчө келишимдер түзүлүшүмүмкүн. 4-статья Кызматташуу формалары Тараптар ортосундагы кызматташтык төмөнкү формаларда ишкеашырылат: а) "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагындагы биргелешкен иш чаралар, b) Тараптардын расмий өкүлдөрүнүн расмий иш сапарлары жанажумушчу жолугушуулары, с) кызматташтыктын тиешелүү багыттары боюнча тажрыйбаалмашуу жана эксперттердин жолугушуулары, d) дискуссияларды, консультацияларды, жолугушууларды өткөрүү,лекцияларды алмашуу жана Тараптар өткөрүүчү курстарга, семинарларга жана конференцияларга катышуу, е) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыкмаалымат жана материалдарды алмашуу, f) аскердик машыгууларды өткөрүүдө байкоочуларды жиберишүү, g) Тараптар макулдашуучу кызматташтыктын башка формалары. 5-статья Финансылык шарттар 1. Бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташуу боюнча ишчараларга Тарптардын өкүлдөрүнүн катышуусу боюнча баардыкчыгымдар Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча төмөнкүшарттарда төлөнөт: а) кабыл алуучу Тарап жашоо, тамак-аш жана өзүнүн мамлекети-нин аймагы боюнча жүрүүнүн чыгымдарын, ошондой эле кечиктирил-гис медициналык жана стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөргөтөлөп берет; b) жиберүүчү Тарап ушул пунктун а) пункчасында белгиленгенчыгымдарды кошпогондо, эл аралык транспорттук чыгымдарды жана башка баардык чыгымдарды төлөп берет. 2. Делегация мүчөлөрүнүн саны, жардамчы персоналды (айдоочу-лар, котормочулар ж.б) кошкондо 10 адамдан ашкан учурда жашоо, тамак-аш жана кабыл алуучу Тараптын аймагы боюнча жүрүүнүн чыгымдары жиберүүчү Тарапка жүктөлөт же Тараптардынортосундагы сүйөшүүлөр жолу менен чечилет. 6-статья Жашырын маалыматты коргоо 1. Тараптар ушул макулдашуунун алкагындагы кызматташуу процессинде алынган баардык жашырын маалыматтарды Тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык коргоого кепилдикберет. 2. Тараптар жашырын маалыматты багыты боюнча гана колдонуу жөнүндө гана макулдашат жана бул маалыматты үчүнчү тарапкатиешелүү түрдөгү жазуу жүзүндөгү уруксаты жок бербөөгө милдеттенет. 7-статья Талаш маселелерди жөнгө салуу Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же аткарууга тийиштүүболгон баардык талаш маселелер Тараптардын ортосундагы сүйлө-шүүлөр жолу менен чечилет жана кандайдыр бир үчүнүчү тарапкакарап чыгууга жиберилбейт. 8-статья Оњдоолор жана өзгөртүүлөр 1.Каалаган Тарап каалаган убакта бул Макулдашууну кайраданкарап чыгышы мүмкүн. Ал үчүн консультацияга демилгечи болуу керек. Анын жүрүшүндө сунуш кылынган оњдоолор же өзгөртүүлөр талкууланат. 2. Бул Макулдашууга жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуу боюнчатолуктоолор киргизиши мүмкөн. Алар өзүнчө протоколдор менен таризделип, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелетжана ушул Макулдашуунун 9-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет. 9-статья Корутунду жоболор Бул Макулдашуу түзүлүп, кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана Тараптардын бири экинчи Тараптан Макулдашууну колдонууну токтотууну ниеттенгендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгүбилдирүүсүн алган күндөн баштап алты ай бою күчүндө калат. Бул Макулдашууну колдонулушу токтотулгандан кийин Макулдашуунуколдонуунун убагында башталган иштерди аяктоо максатында Тараптар консультацияларды өткөрөт. -----------------шаарында 2008-жылдын"--"-------эки түпнускада, ар бири кыргыз, орус, литва жана англис тилдериндетүзүлдү. Баардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунунжоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурларда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат. Кыргыз Республикасынын Литва Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Улуттук коргонуу министрлиги үчүн