Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-майы № 222-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө
макул-дашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толукто-олорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын. Премьер-министр И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Макулдашуучу Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтү, Макулдашуучу Тараптардын биринин инвесторлорунун инвестицияларынэкинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында басмырлабаган не-гизде коргоонун зарылдыган таанышып, Макулдашуучу Тараптардын биринин Макулдашуучу экинчи тараптын мам-лекетинин аймагында улуттук инвестицияларга жана компаниялардын инвес-тицияларына карата узак экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү каала-шып, ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү режим инвестициялар үчүн жекекапиталдын агып келишине жана Макулдашуучу Тараптардын экономикасынөнүктүрүүгө дем бере тургандыгын таанышып, экономиканы жана ишкер байланышты өнүктүрүү эмгек укуктарын эларалык таанууну өнүктүрө тургандыгын таанышып, ден-соолук, коопсуздук үчүн зыянсыз жетишүүгө боло турган максат-тарга жана жалпы колдонуудагы курчап турган чөйрөнү коргоо чараларынамакул болушуп, төменкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Аныктамалар 1. "Инвестициялар" Макулдашуучу Тараптын биринин инвестору Макул-дашуучу башка Тараптын мамлекетинин аймагында ошол (кабыл алуучу Макул-дашуучу Тараптын) улуттук мыйзамдарына ылайык инвестициялаган активдер-дин бардык түрлөрүн билдирет жана атап айтканда, бирок бул менен чек-телбестен төмөндөкүлөрдү камтыйт: (а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана мүлккө байланышкан башкаижара, ипотека, мүлктүк укук жана кепилдик сыяктуу укуктар; (Ь) акциялар, капитал, карыз милдеттенмелери жана компанияларгакатышуунун башка түрлөрү; (с) акча каражаттарына же экономикалык баалуулукка ээ болгон аркандай башка аткарууларга талаптар; (d) автордук укуктарды, соода маркаларын, патенттерди, өндүрүштүкдизайнды жана техникалык процесстерди, кесиптик жашыруун сырларды, соо-да аталыштарын, ноу-хау (патенттелбеген практикалык билимдерди),гуд-виллди (ишкер репутация) камтыган интеллектуалдык менчикке укуктар-ды; (е) жаратылыш ресурстарын издөөгө, иштетүүгө, казууга жана пайда-лануучу концессияны кошо алганда улуттук мыйзамдарга же макулдашууларгаылайык берилүүчү ишкер концессиялар. Коюлуп жаткан же реинвестицияланган ар кандай өзгөрүү формаларыэгерде мындан өзгөрүүлөр инвестициялар аймагында ишке ашырылган Макул-дашуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык келсе инвес-тицияларды ишке ашыруунун мүнөзүнө таасир этпеши керек. 2. "Инвестор" ар бир Макулдашуучу Тарапка карата төмөнкүлөрдү бил-дирет: (а) Кыргыз Республикасына карата: (i) "жеке адам" Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайыканын жараны болуп эсептелген жеке адамды билдирет; (ii) "юридикалык тарап" Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары-на ылайык уюшулган ар кандай юридикалык тарапты билдирет; (Ь) Латвия Республикасына карата: (i) "жеке адам" Латвия Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайыканын жаранын, ошондой эле Латвия Республикасынын мыйзамдарына ылайыкЛатвия Республикасынын же ар кандай башка өлкөнүн жарандыгы жок жанаЛатвия Республикасы берген жараны эместигинин паспорту бар адамдардыбилдирет; (ii) "юридикалык тарап" Латвия Республикасынын улуттук мыйзамдары-на ылайык уюшулган ар кандай юридикалык тарапты билдирет. 3. "Киреше" инвестициялардан алынган сумманы, атап айтканда пайда-ларды, капиталдын өсүшүн, дивиденддерди, автордук гонорарларды, лицен-зияланган жана башка сыйлыктарды түшүндүрөт. 4. "Аймак" Макулдашуучу эки Тарапка карата аймакты билдирет, андаМакулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин ар бири улуттук мыйзамдаргажана эл аралык укукка ылайык өздөрүнүн эгемендүү укуктарын жана юрис-дикциясын ишке ашырат. 2-статья. Инвестицияларды колдоо жана коргоо 1. Макулдашуучу Тараптын ар бири өз мамлекетинин аймагында инвес-тициялоо үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорун колдойт жанаыњгайлуу шарт түзөт жана өзүнүн мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ыла-йык мындай инвестицияларына жол берүүгө тийиш. 2. Макулдашуучу Тараптын ар бири өз мамлекетинин аймагында экинчиМакулдашуучу Тараптын инвестицияларына жана инвесторлорунун инвестиция-лардан алынган кирешесине калыс жана тењ укуктуу шарт берет жана толукжана дайыма коргоону жана коопсуздугун камсыз кылат. 3. Макулдашуучу Тараптын кимиси болбосун өзүнүн мамлекетинин айма-гында Макулдашуучу экинчи Тараптын инвесторлорунун инвестицияларын баш-каруунун, пайдалануунун, ээ болуунун же тескөөнүн укугуна негизсиз, өзалдынча же басмырлоо чаралары менен зыян келтирбөөгө тийиш. 3-статья. Айрыкча жагымдуу жана улуттук режим 1. Макулдашуучу Тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптын ин-весторлорунун инвестицияларына өз инвесторлоруна же ар кандай үчүнчүмамлекеттин инвесторлорунун инвестицияларына айрыкча жагымдуу болупэсептелгенден кем эмес режимди камсыз кылат, эгер акыркы режим инвесторүчүн айрыкча жагымдуу болуп эсептелсе. 2. Макулдашуучу Тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптын ин-весторлоруна алардын инвестицияларын башкаруу, эксплуатациялоо, пайда-лануу, ээлик кылуу же тескөө укугуна карата өз инвесторлоруна же аркандай үчүнчү өлкөнүн инвесторлорунун инвестицияларына айрыкча жагымдууболуп эсептелгенден кем эмес режимди камсыз кылат, эгер акыркысы инвес-тор үчүн айрыкча жагымдуу болуп эсептелсе. 4-статья. Артыкчылыктар 1. Бул Макулдашуунун жоболору Макулдашуучу Тараптын биринин экинчиМакулдашуучу Тараптын инвесторлоруна төмөндөгүлөрдөн келип чыккан ки-йинки Макулдашуучу Тарапка берилиши мүмкүн болгон ар кандай режимден,преференциядан же артыкчылыктан алардын инвестицияларына жана инвести-циядан түшкөн азыркы жана келечек пайдасынан кирешелерине жайылтылуучумилдеттери катары чечмеленбеши керек: (а) ар кандай Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттери катышуучусуболуп эсептелген же болушу мүмкүн болгон ар кандай эл аралык эркин соо-да аймагына, бажы союзуна, валюталык союзга, жалпы рынокко мүчөлүктөнже ушундай союздарга же уюмдарга мүчө болууга алып келүүчү келишимден; (Ь) толук же негизинен салык салууга тиешелүү ар кандай эл аралыккелишимден же макулдашуудан. 5-статья. Экспроприация жана компенсация 1. Макулдашуучу Тараптар экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторло-рунун инвестицияларына карата экспроприяциялоого жана улутташтыруугатике же кыйыр чараларды же ошого окшош башка (мындан ары - экспроприа-ция) чараларды көрүшпөйт, буга төмөнкү экспроприациялар кирбейт: (а) коомдук максаттарда; (Ь) басмырлабаган негизде; (с) улуттук мыйзамдарга ылайык, жана (d) ушул Статьянын 2-пунктуна ылайык так, натыйжалуу жана бирдейкомпенсация төлөө. 2. Компенсациялар: (а) кечиктирилбестен төлөнүшү керек. Кечиктирилсе төлөөлөрдү кар-моо учурундагы алмашуу курсунун өзгөрүүсүнөн пайда болгон чыгымдардыаймагында инвестирлөө ишке ашырылган Макулдашуучу тарап тартат. (Ь) экспроприация жүргүзүлгөнгө чейинки учурдан экспроприациялан-ган инвестиция анык рыноктук наркка эквиваленттүү болушу керек. Наркыбоюнча өзгөрүүлөр рыноктук наркка таасир тийгизбеши керек, анткени экс-проприация жалпыга алдын ала маалым болот; (с) толук ишке ашырылууга жана эркин которулууга тийиш; (d) экспроприациянын убагынан иш жүзүндө төлөп берүү күнүнө чейинкомпенсация төлөнүп берилүүчү валюта үчүн рыноктук негизде белгиленгенкоммерциялык ставкага кызыкчылыкты камтышы керек. 6-статья. Жоготуулар үчүн компенсация 1. Макулдашуучу Тараптардын биринин инвесторлоруна МакулдашуучуТараптын экинчисинин аймагында согуштун, же башка куралдуу жањжалдын,өзгөчө кырдаалдын, революциянын, көтөрүлүштүн, жарандык тартипсиздиктинже ушуга окшогон ар кандай окуялардын натыйжасында инвестициясы жоготу-уга учураса Макулдашуучу Тараптын кийинкиси тарабынан реституцияга, ке-пилдикке, компенсацияга же ар кандай башка ордун толтурууга каратаөзүнүн инвесторлоруна же ар кандай үчүнчү өлкөнүн инвесторлору үчүныњгайлуу болуп эсептелген ыњгайлуу режимден кем эмес режимди берет. 2. Макулдашуучу Тараптын биринин 1-пунктта көрсөтүлгөн бардыкучурлардын натыйжасында чыгым тарткан инвестору: (а) куралдуу күчтөрдүн же Макулдашуучу Тараптын мамлекеттик орган-дарынын анын инвестициясын же анын кайсы бир бөлүгүн реквизирлөө, же (Ь) анын инвестициясын же анын кайсы бир бөлүгүн экинчи Макулдашу-учу Тараптын куралдуу күчтөрүнүн же мамлекеттик органдарынын ушул жаг-дайда зарылчылык болбогон үчүн жок кылуусу, кандай гана болбосун Макулдашуучу Тараптын кийинкиси тарабынанреституция же компенсация берилет, ал ушул Макулдашуунун 5-статьясынын2-пунктуна ылайык компенсацияга карата так, бирдей жана натыйжалуу бо-лушу керек. 7-статья. Төлөмдөрдү которуулар 1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири өз мамлекетинин улуттук мый-замдарына ылайык экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлоруна анын айма-гында жана анын аймагынан тышкары инвестицияга байланышкан төлөмдөрдүэркин которуу кепилдигин бериши керек. Мындай төлөмдөр атап айтканда,төмөнкүлөрдү камтышы керек: (а) инвестицияны пайдалануу же кењейтүү үчүн алгачкы капиталды жа-на кошумча сумманы; (Ь) кирешелерди; (с) инвестициянын жалпы же айрым бөлүгүн жоюудан түшкөн кирешелер-ди; (d) заемдук төлөп берүүлөрдү кошкондо контракттардын алкагындажүргүзүлгөн телөмдөрдү; (е) ушул Макулдашуунун 5-6-статьяларына ылайык төлөнүп берилүүгөтийиш болгон компенсацияларды; (f) талаш-тартыштарды чечүүдөн пайда болгон төлөмдөрдү; (g) өлкөдөн тышкары жалданган жана инвестиция менен байланыштууиштеген персоналдарга эмгек акы жана башка сыйлыктарды. 2. Макулдашуучу Тараптын ар бири андан ары ушул Статьянын 1-пунк-тунда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү которуулар эркин өтүмдүү валютада жанатөлөмдү которуу жүргүзүлгөн күндөгү Макулдашуучу Тараптар үчүн инвести-цияга карата колдонууга боло турган үстөмдүк кылуучу рыноктук алмашуучуставкада ишке ашырыла тургандыгына кепилдик бериши керек. 3. Чет элдик валютаны алмашуучу рынок жок болсо, Карыз алуунунАтайын укуктарынын алкагында акча эсептөө бирдигинин эњ акыркы алмашуукурсун колдонушу керек. 8-статья. Суброгация Эгерде Макулдашуучу Тарап же алардын өкүлү экинчи Макулдашуучу Та-раптын аймагында инвестицияларга байланыштуу берген кепилдикке ылайыкөз инвесторлоруна төлөөлөрдү жүргүзсө, экинчи Макулдашуучу Тараптөмөндөгүлөрдү тааныйт: (а) улуттук мыйзамдарга же ушул өлкөдөгү түзүлгөн Макулдашууларгаылайык инвесторлорго кийинки Макулдашуучу Тарапка же анын дайындалганөкүлүнө укуктарын жана талаптарын өткөрүп берүүнү; (Ь) кийинки Макулдашуучу Тарапка же анын дайындалган өкүлүнө суб-рогациянын натыйжасында укуктарды пайдаланууга жана бул инвестордун та-лаптарын илгерилетүүгө жана ушул инвестицияга байланышкан милдеттердиөзүнө алуунун укугун. 2. Суброгациянын натыйжасында алынган укуктар жана талаптар инвес-тордун укуктарынын же талаптарынын чегинен чыкпайт. 9-статья. Инвесторлор менен Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар 1. Биринчи Макулдашуучу Тарап менен экинчи Макулашуучу Тараптынинвесторлорунун ортосундагы инвестицияга байланышкан кийинки Макулдашу-учу Тараптын аймагындагы ар кандай талаш-тартыштар достук жолу менен,талаш-тартыштардын тараптарынын ортосундагы сүйлөшүү аркылуу мүмкүн бо-лушунча тез чечилиши керек. 2. Эгерде мындай талаш-тартыштын предмети кат жүзүндөгү сурам бер-ген күндөн баштап үч (3) ай аралыгында чечилбесе, анда инвестор каалоо-су боюнча аны төмөндөгү инстанциялардын кароосуна бере алат: (а) Макулдашуучу Тараптардын кимисинин аймагында инвестицияжүргүзүлсө анын компетенттүү сот органдарына; же (Ь) Макулдашуучу тараптардын экөө тењ ИТЖЕБдин катышуучусу болупэсептелсе, 1965-жылдын 18-мартында Вашингтон шаарында кол коюу үчүначылган мамлекеттердин жана башка үчүнчү мамлекеттердин жарандарынынортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча Конвен-цияга ылайык түзүлгөн Инвестициялык Талаш-тартыштарды Жөнгө салуу боюн-ча Эл аралык Борборго (мындан ары - ИТЖЭБ) (мындан ары - борбор); же (с) Макулдашуучу Тараптардын бирөө гана ИТЖЕБдин Конвенциясынынмүчөсү болуп саналса Борбордун кошумча органына караштуу арбитражга; же (d) талашып-тартышкан тараптар жагынан башкача каралбаса, БириккенУлуттар Уюмунун эл аралык соода укуктары боюнча комиссиясынын арбитраж-дык эрежелери (ЮНСИТРАЛ) боюнча түзүлө турган "аdё hос" ар кандай ар-битраждык сотко. 3. Талаштын катышуучусу болгон Макулдашуучу Тараптардын бирөө дагыэкинчи Макулдашуучу Тараптын инвестору камсыздандыруудан улам жоготуу-лардын бөлүгүнө же бардыгына компенсация алгандыгынын фактысына таянып,арбиртраждык процесстин бир дагы баскычында арбитраждык чечимге наара-зычылык кыла албайт. 4. Арбитраждык соттун чечими акыркы жана Макулдашуучу Тараптардынмамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык аткаруу үчүн милдеттүү бо-луп эсептелет. 10-статья. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү 1. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы ушул Макулдашууну чеч-мелөөгө жана колдонууга карата талаш-тартыштар мүмкүн болушунча дипло-маттык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек. 2. Эгер талаш-тартыш үч (3) ай аралыгында чечилбесе, МакулдашуучуТараптардын биринин өтүнүчү боюнча ушул Макулдашуунун шарттарына ылайыкарбитраждык сотто каралат. 3. Арбитраждык сот ар бир учур үчүн чечүүнүн төмөндөгүдөй жолдорунтүзөт: Арбитраж арызды кабыл алгандан кийинки эки (2) ай аралыгында арбир Макулдашуучу Тарап соттун бирден мүчөсүн дайындайт. Бул эки мүчөандан соњ үчүнчү бир өлкөнүн жаранын тандашат, ал Макулдашуучу Тарап-тардын экөөнүн жактыруусунан кийин Соттун Төрагасы (мындан ары - "Төра-га" деп аталат) болуп дайындалышы керек. Төрага эки мүчөсү дайындалганкүндөн тартып эки (2) ай аралыгында бекилиши керек. 4. Эгерде ушул Статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн убакыт ичинде ке-ректүү дайындоолор жүргүзүлбөсө, арыз Эл аралык Соттун Төрагасына да-йындоолорду ишке ашыруу үчүн берилиши мүмкүн. Эгер ал Макулдашуучу Та-рапардын биринин жараны болсо же кандайдыр бир себептерден улам жогору-да белгиленген милдеттерди аткара албаса дайындоолорду ишке ашыруу үчүнВице-Төрага чакырылат. Эгер Вице-Төрага дагы Макулдашуучу Тараптардынбиринин жараны болсо же кандайдыр бир себептерден улам жогоруда белги-ленген милдеттерди аткара албаса анда Макулдашуучу Тараптардын бирининжараны болуп эсептелбеген Эл аралык Соттун жашы улуу мүчөсү дайындоо-лорду ишке ашыруу үчүн чакырылат. 5. Арбитраждык Соттун чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.Мындай чечимдер милдеттүү болууга тийиш. Макулдашуучу Тараптын ар бириөзүнүн арбитринин жана анын арбитраждык ишине кеткен чыгымдарын өзүнөалат; Төраганын чыгымдарын жана калган чыгымдарды Макулдашуучу Тараптарбирдей өлчөмдө тартышат. Арбитраждык сот буга карабастан МакулдашуучуТараптардын экөөнүн бири чыгымдардын көбүрөөк бөлүгүн тартууга тийишдеп чече алат жана мындай чечим Макулдашуучу Тараптардын экөөнө тењмилдеттүү болуш керек. Арбитраждык Сот өзүнүн жол-жоболорун белгилейт. 11-статья. Башка эрежелерди жана атайын милдеттенмелерди колдонуу Эгерде Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамда-рынын жоболору эл аралык келишимдин нормалары менен же экинчи Макулда-шуучу Тараптын инвесторлорунун инвестицияларына карата контрактын башкаатайын шарттары ушул Макулдашууда каралгандан кыйла ыњгайлуу режимдеболсо мындай жоболор бул Макулдашуунун ыњгайлуу болуп саналганбөлүгүндө колдонулат. 12-статья. Бул Макулдашууну колдонуу Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптын биринин инвесторунун экинчиМакулдашуучу Тараптын аймагына салынган инвестицияларына карата анынулуттук мыйзамдарына ылайык, бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин жанаандан кийин дагы колдонулат, бирок ушул Макулдашуу күчүнө киргенге че-йинки инвестицияларга тийиштүү пайда болгон ар кандай талаш-тартыштаргаже ар кандай дооматтарга карата колдонулбайт. 13-статья. Жалпы эскертмелер 1. Бул Макулдашуудагы эч нерсе Макулдашуучу Тараптардын согуш жекуралдуу чыр-чатак убагында, же ар кандай эл аралык мамилелердегиөзгөчө кырдаалдарда өзүнүн негизги кызыкчылыктарын коргоо үчүн керектүүаракеттерди ишке ашыруу үчүн тоскоолдук катары түшүндүрүлбөйт. 2. Мындай чаралар өз алдынча жана себепсиз негизде же эл аралыксооданын же инвестициянын туура эмес чектөөлөрүнө негизделбей турганшартта ушул Макулдашуудан эч нерсе Макулдашуучу Тараптарга айла-на-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды кошо алганда төмөнкү чараларды кабылалууда жана пайдаланууда тоскоолдук катары чечмеленбеши керек: (а) коомдук тартипти сактоо үчүн керектүү; (Ь) адам өмүрүн же ден-соолугун, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү кор-гоо үчүн керектүү. 3. Ушул Статьянын шарттары 5-статьяга, 6-статьяга же 7-статьянын1(е) пунктуна тиешеси жок. 14-статья. Ачык-айкындык 1. Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагын-дагы Макулдашуучу Тараптын биринин инвесторлорунун инвестицияларына та-асир көрсөтүүчү өзүнүн мыйзамдарын, эрежелерин, жол-жоболорун жана ад-министрациялык ченемдерин, жалпы колдонуудагы юридикалык чечимдерин,ошондой эле эл аралык келишимдерин ачык жарыялашы же башкача мүнөздөкоомчулукка жеткиликтүү кылууга тийиш. 2. Ушул Макулдашууда эч нерсе Макулдашуучу Тараптардан жашыруунжана жеке маалыматты, анын ичинде инвесторлого же инвестицияларга ти-йиштүү, ачыкка чыгаруу анын жашырын сырларды сактоочу мыйзамдарына ыла-йык келбей турган жана инвесторлордун легитимдүү коммерциялык кызыкчы-лыктарына зыян келтире турган маалыматты же берүүнү талап кылууга тийишэмес. 15-статья. Консультациялар Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптынөтүнүчү боюнча ушул Макулдашуунун аткарылышын байкоого алуу жана ушулМакулдашуудан келип чыгуусу мүмкүн болгон ар кандай маселелерди талкуу-лоо максатында консультацияларды уюштурат. Мындай консультациялар Ма-кулдашуучу Тараптардын компетенттүү өкүлдөрүнүн ортосунда дипломатиялыкканалдар аркылуу макулдашылган, алдын ала аныкталган убакта жана белги-ленген жерде жүргүзүлүшү керек. 16-статья. Өзгөртүүлөрдү киргизүү Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашу-уга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулда-шуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Макулдашуунун17-статьясына ылайык күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризде-лет. 17-статья. Күчүнө кириши, узактыгы жана бүтүшү 1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын ал күчүнө кириши үчүнкеректүү болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндөакыркы билдирүүсү алынган күндөн баштап күчүнө кирет, жана он жыл (10)бою күчүндө болот. Бул Макулдашуунун колдонулушу эгерде МакулдашуучуТараптардын эч бири Макулдашуунун кезектеги колдонулуш мөөнөтү бүткөнгөчейин он эки ай мурда кат жүзүндө экинчи Макулдашуучу Тарапка Макулда-шуунун күчүн токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин кабарлабаса, кийинки онжылдык мезгилге өзүнөн өзү узартылат. 2. Бул Макулдашуу токтотулган учурга чейин ишке ашырылган инвести-цияларга карата бул Макулдашуунун жоболорунун шарттары ушул Макулдашуу-нун мөөнөтү токтогон күндөн тартып он (10) жыл бою күчүндө калат. 3. Протокол ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Муну ырастап, биз, бул максат үчүн тийиштүү түрдө ыйгарым укук бе-рилген төмөндө кол коючулар ушул Макулдашууга кол койдук. Макулдашуу ______________ 2008-жылдын "__" __________ эки нускада,ар бири кыргыз, латыш жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ар кандай пикир келишпес-тиктер келип чыкса Макулдашуучу Тараптар орус тилиндеги текстти жетек-чиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга ПРОТОКОЛ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макул-дашууга кол коюу учурунда Макулдашуучу Тараптардын төмөндө кол койгонөкүлдөрү Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү төмөндөгүдөйжоболор тууралуу макулдашты: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн1-статьянын 2-пунктундагы (i) пунктчасынын (Ь) пунктчасына тиешелүү"жараны-эмес" деген түшүнүк Латвия Республикасынын "Латвиянын же башкамамлекеттин жарандыгы жок мурдагы СССРдин жарандарынын статусу жөнүндө"Мыйзамына ылайык Латвиянын же башка мамлекеттин жарандыгы жок жана жа-рандыгы жок адам (апатрид) болуп эсептелбеген, бирок Латвия Республика-сы тарабынан берилүүчү жаран-эмес паспортун алууга укуктуу адамдардытүшүндүрөт деген билдирүүсүн эске алат. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн