Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 19-июну № 300-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Молдова Республикасы-нын Улуттук социалдык камсыздандыруу кассасынын ортосундагы Мамлекеттиксоциалдык камсыздандыруу тармагындагы кызматташуу жөнүндө протоколдун
долбоору жактырылсын. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Молдова Республикасынын Улуттук социалдык камсыздандыруу кассасынын ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагындагы кызматташуу жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Социалдыкфонду жана Молдова Республикасынын Улуттук социалдык камсыздандыруукассасы, эки өлкөнүн социалдык камсыздандыруу системаларын реформалоодотажрыйба алмашуу максатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүкаалашып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын өнүктүрүү макса-тындагы өз ара кызыгууну, социалдык камсыздандыруу тармагында эки мам-лекеттин алдыдагы биргелешип иштешүүсүнүн зарылдыгын эске алып, социалдык камсыздандыруу тармагындагы өз ара кызматташтыкты камты-ган бул иштин маанисине тањ беришип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар төмөнкүлөрдү алмашышат: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагындагы колдонуудагынормативдик укуктук актыларды; - пайдалануучуларга даректелген социалдык тематикадагы маалыматтыкбюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды; - пайда болгон проблемалар боюнча маалыматтарды жана аларды чечүүтажрыйбасын. 2-статья. Тараптар ошондой эле төмөнкүдөй маселелерди чечүүдө тажрыйба алма-шышат: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын уюштуруу жанаадминистрациялоо; - фонддорду башкаруу; - социалдык камсыздандыруу тармагын автоматташтыруу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагында маалыматтык сис-теманы тартипке келтирүү жана борбордук офис менен аймактык бирдиктер-дин ортосунда информациялык технологияларды жана билдирүүлөрдү таратуу; - пенсионерлерге көрсөтүлчү кызматтар; - жеке менчик пенсиялык фонддорду уюштуруу жана администрациялоотармагында тажрыйба алмашуу. 3-статья. Тараптар 2-статьяда көрсөтүлгөн жоболорду ишке ашыруу үчүн ыњгай-луу шарттарды камсыздоо үчүн тажрыйба алмашышат. Бул Протоколдун жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар жумушчутопторду түзүшү мүмкүн. Жумушчу топтор жылына эки жолу кезеги менен ар бир өлкөдө жолугу-шуп турушат. Визиттердин убагында кабыл алуучу тарап жашоо, тамактануужана маданий программа боюнча чыгымдарды бул максаттарга жыл сайын бе-китилчү каражаттардын чегинде төлөйт. Визиттердин узактыгы беш күнгөчейин. Делегациялардын курамы - төрт адамга чейин. 4-статья. Тараптар эки өлкөнүн жарандарын мамлекеттик социалдык камсызданды-рууну өркүндөтүү максатында эки мамлекеттин башка мамлекеттик органда-ры, ошондой эле эл аралык жана өнөктүк уюмдар менен байланыштарды тү-зүүгө жана өнүктүрүүгө шарт түзүшөт. 5-статья. Бул Протокол Тараптардын алар катышуучу болгон башка эл аралык ке-лишимдеринен келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине тиешесиболбойт. 6-статья. Тараптардын өз ара макулдугу менен бул протоколго өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризде-лишет жана ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишет. 7-статья. Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2 жылмөөнөткө түзүлдү. Тараптардын бири тийиштүү мезгил өткөнгө чейин 6 ай-дан кем эмес мурдатан экинчи Тарапка бул Протоколдун жарактуулугун ток-тотуу ниети жөнүндө кабарлабаса, анын жарактуулугу кийинки эки жылдыкмезгилдерге өзүнөн өзү узартыла берет. 8-статья. _________________ шаарында 2008-жылдын "___"_____________ар бирикыргыз, орус жана молдова тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү жанабардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөө бо-юнча талаш чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке таянышат. Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасынын Социалдык фонду үчүн Улуттук социалдык Төрага камсыздандыруу кассасы үчүн Төрайым ______________________ ___________________________ М.Султанов М.Борта