Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 3-ноябрындагы № 510-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-августу № 405-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 13-мартындагы № 113-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Азия өнүктүрүү банкы каржылоочу "Билим берүүнүн экинчи долбоору" жана "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн сапаттуу негизги билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу" долбоорлорун, Дүйнөлүк банк каржылачу "Айылдагы билим берүү" долбоорун жана Каталитикалык трасттык фонд каржылачу "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетилген ишке ашыруу демилгеси" долбоорун ишке ашырууга координацияны жана мониторингди камсыз кылуу максатында:
1. "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн сапаттуу негизги билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу" (Япониянын Кедейликти кыскартуу фонду, № 9108 KGZ грант), "Билим берүүнүн экинчи долбоору" (Азия өнүктүрүү банкы, № 0020 KGZ грант), "Айылдагы билим берүү" (Дүйнөлүк банк, Н 137 KG грант) жана "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетилген ишке ашыруу демилгеси" (Каталитикалык трасттык фонд, № TF090141 грант) долбоорлорун башкаруунун Байкоочу кеңеши төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 113-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Байкоочу кеңеш бир айлык мөөнөттө Кеңештин ишинин регламентин иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Байкоочу кеңештин ишин усулдук, уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |