Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 30-августу № 441-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз-
доо маселесин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны андан ары өркүн-
дөтүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Орозалиев Н.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалы-
маттык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агенттигинин директорунун орун басары, ведомс-
тволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Скобеев Е.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Арапбаев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги-
нин паспорттук жана визалык контроль башкарма-
сынын начальниги;
Дүйшембиева Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пер-
соналдаштырылган эсеп башкармасынын начальниги
(макулдашуу боюнча);
Алыбаева М.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
жарандык абалдын актылары бөлүмүнүн башчысы;
Осмоналиев У.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалы-
маттык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик
агенттигинин калкты документтештирүү башкарма-
сынын начальнигинин орун басары.
2. Жарандарды улуттук паспорттор менен камсыздоо боюнча иштин тир-
келген планы бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- жарандарды паспорттоштурууга тартылган мамлекеттик органдарга
методикалык жардам берсин;
- 2008-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жасалган иштер жөнүндө отчет берсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу жана башка
жактардан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалымат-
тык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-
лүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-августундагы
№ 441-б буйругу менен
бекитилген
Жарандарды улуттук паспорттор менен
камсыздоо боюнча иштин
ПЛАНЫ
-----------------------------------------------------------------------
| | Иш-чаралар | Аткаруучулар |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|1 |Персоналдык идентификациялык номери |Мамресурс агенттиги, |
| |(мындан ары - ПИН) башка жарандын |Соцфонд (макулдашуу |
| |паспортунда көрсөтүлгөндүктөн паспорт |боюнча), ИИМдин |
| |ала албай жүрүшкөн жарандар жөнүндө |ПВКБ, жумушчу топ |
| |маалыматтарды чогултуу боюнча иш | |
| |жүргүзүү | |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|2 |Өзүнө таандык эмес ГТИН менен паспорт |Мамресурс агенттиги, |
| |алган жарандар жөнүндө маалыматтарды |Соцфонд (макулдашуу |
| |чогултуу боюнча иш жүргүзүү |боюнча), ИИМдин ПВКБ, |
| | |жумушчу топ |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|3 |Жалпыга маалымдоо каражаттарында ПИНге |Мамресурс агенттиги, |
| |байланыштуу абалды түшүндүрүү боюнча иш |Соцфонд (макулдашуу |
| |жүргүзүү |боюнча), ИИМдин ПВКБ, |
| | |жумушчу топ |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|4 |Так эмес ПИН менен паспорт алган жарандар|Мамресурс агенттиги, |
| |жөнүндө маалыматтарды чогултуу боюнча |Соцфонд (макулдашуу |
| |иш жүргүзүү жана маалыматтарды Соцфондго |боюнча), ИИМдин ПВКБ, |
| |жана ИИМге ПИНди тактоо жана |жумушчу топ |
| |паспортторду кайра чыгаруу үчүн берүү | |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|5 |Жањылыш ыйгарылган ПИНге байланыштуу |Мамресурс агенттиги, |
| |паспорт ала албай жүрүшкен жарандарды |ИИМдин ПВКБ |
| |персоналдаштыруу жана паспортун тез арада| |
| |даярдоо | |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|6 |Жарандын ПИНи боюнча арыздар Кыргыз |ИИМдин ПВКБ |
| |Республикасынын Социалдык фонду берген | |
| |социалдык коргоо күбөлүгүнүн оригиналынан| |
| |жана башка документтердин оригиналынан | |
| |толтурулушун камсыздоо | |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|7 |Фамилиясын, атын, атасынын атын |Юстмин |
| |өзгөрткөнгө байланыштуу кайра берилчү | |
| |туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдө | |
| |фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөнү| |
| |жөнүндө белги коюлушун камсыздоо | |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|8 |Ыйгарылган ПИНдер боюнча электрондук |Соцфонд (макулдашуу |
| |маалымат базасын Мамресурс агенттигине |боюнча) |
| |ПИНдерди паспортту даярдоо стадиясында | |
| |текшерүү үчүн берүү | |
|--|-----------------------------------------|------------------------|
|9 |Маалымат агенттиги маалыматтар базасын |Соцфонд (макулдашуу |
| |жањыртышы үчүн ыйгарылган ПИНдер боюнча |боюнча) |
| |жањы маалыматтарды Маалымат агенттигине | |
| |берүү | |
-----------------------------------------------------------------------