Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 16-августу № 420-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Латвия Республикасы-нын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу агенттигинин ортосундагы Мам-лекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулда-шуунун тиркелген
долбооруна макулдук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов Долбоор Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Латвия Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу агенттигинин ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Социалдыкфонду менен Латвия Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандырууагенттиги, эки өлкөнүн социалдык камсыздандыруу системасын реформалоодо таж-рыйба алмашуу максатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү каала-шып, социалдык камсыздандыруу жаатында эки мамлекеттин алдыдагы бирге-лешкен ишинин зарылдыгын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу система-сын өнүктүрүү максатында өз ара кызыкчылыктарын эске алып, социалдык камсыздандыруу камсыз кылуу жаатында өз ара кызматташуу-ну камтыган ушул иштин маанилүүлүгүн таанышып, төмөнкүлөр жөнүндө ма-кулдашты: 1-статья. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына, ошондойэле Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасы катышуучу болуп са-налган эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайдалуу кызматташуунуөнүктүрүүгө көмөктөшүүгө макулдашты. 2-статья. Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашты: - социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча маалымат алмашууга; - адистерди, консультанттарды, кењешчилерди иш сапарга жиберүү ар-кылуу техникалык кызмат көрсөтүүгө; - Тараптардын компетенциясына кирген маселелерде тажрыйба алмашуу-га өбөлгө түзүүчү биргелешкен семинарларды, конференцияларды, жолугушу-уларды өткөрүүгө; - социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча делегацияларды жанаэксперттерди жиберишүүгө; - макулдашылган программалардын негизинде бирдиктүү изилдөөлөрдүжүргүзүүгө. 3-статья. Тараптар ар бири экинчи Тараптын өтүнүчү боюнча бул Макулдашуунунийгиликтүү жүзөгө ашырылышына көмөктөшүү максатында консультациялардыөткөрүшүп, Тараптардын ортосунда кызматташууга дем берүү үчүн жолдордужана каражаттарды карашат. Консультацияларды өткөрүүнүн орду жана убак-тысы Тараптардын макулдугу боюнча белгиленет. Тараптар бул Макулдашуу-нун алкагында кызматташуунун форматын жана маселелерин жыл сайын анык-ташат. Аны ишке ашыруу боюнча финансылык жана уюштуруу маселелери Та-раптардын тийиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша чечилет. 4-статья. Бул Макулдашуудан келип чыккан маалыматтарды алмашуу орус тилиндежүзөгө ашырылат. 5-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардынортосунда келип чыга турган ар кандай талаштар жана пикир келишпестик-тер өз ара сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет. 6-статья. Бул Макулдашуу боюнча кызматташтык Тараптар тарабынан төмөндөгүпринциптерге ылайык каржыланат: кабыл алуучу мамлекеттин аймагында бо-лууга байланыштуу чыгымдарды кабыл алган Тарап, ал эми барып-келүүгөкеткен чыгымдарды жиберүүчү Тарап тартат. 7-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуучуөзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 8-стать-ясында белгиленген тартипте күчүнө кирет. 8-статья. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири дагы кезектегимезгил бүтөөрүнө үч айга чейин бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуужөнүндөгү ниетин экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе анын колдону-лушу дагы 5 жылга өзүнөн өзү узартылат. __________ шаарында, 200_ жылдын "____" _______________ ар бирикыргыз, латыш жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бар-дык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыкса Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын Социалдык фонду үчүн Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу агенттиги үчүн _______________________ _______________________ Төрага М.Султанов Башчысы И.Шмитыня