Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 17-июлу № 361-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги мененТүркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагыКызматташуу тууралуу протоколдун тиркелген
долбооруна макулдук берил-син. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу ПРОТОКОЛ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданиятжана маалымат министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жанатуризм министрлиги, 1992-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Респуб-ликасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Билим берүү, илим жанамаданият тармагындагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун негизинде,кыргыз жана түрк элдеринин ортосундагы достук мамилелерди андан арыөнүктүрүү жана бекемдөө максатында, маданияттарды өз ара байытуу про-цессин өнүктүрүүнү каалоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы маданияткүндөрүн жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданияткүндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашат. Маданият күндөрүн өткөрүүнүн мөөнөтүн жана шарттарын Тараптар өзара түшүнүү принциптеринде кошумча аныкташат. 2-статья. Тараптар өз өлкөлөрүндө өткөрүлө турган театралдык жана музыкалыкфестивалдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Түркия Республика-сынын маанилүү окуяларына арналган маданий иш-чараларга бирин-бири ча-кырып турушат жана драмалык, музыкалык жамааттардын, жеке аткаруучулар-дын катышуусун камсыздашат. Тараптар, өз ара түшүнүүчүлүк негизде, артисттерди жана режиссер-лорду бири бирине жиберип турууларды жүргүзүшөт, мастер-класстарды, те-атралдык жана музыкалык искусство тармагындагы жолугушууларды, окуулар-ды уюштурушат. 3-статья. Кыргыз Тарабы Түркия Республикасында өткөрүлүүчү театралдык жанамузыкалык фестивалдардын шартына ылайык кыргыздын драмалык театрларынынжамааттарын, музыкалык жамааттарын жана жеке аткаруучуларды жиберип ту-рууга бардык күч-аракетин жумшайт. Ал эми Түркиялык Тарап аларды жата-кана, тамак-аш, мамлекет ичиндеги жол чыгымдары, ошондой эле алар ка-пыстан ооруп калган учурда медициналык тейлөө менен камсыздайт. Түркиялык Тарап Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү театралдык жанамузыкалык фестивалдардын шартына ылайык Түркиянын драмалык театрларынынжамааттарын, музыкалык жамааттарын жана жеке аткаруучуларды жиберип ту-рууга бардык күч-аракетин жумшайт. Ал эми Кыргыз Тарабы аларды жатака-на, тамак-аш, мамлекет ичиндеги жол чыгымдары, ошондой эле алар капыс-тан ооруп калган учурда медициналык тейлөө менен камсыздайт. 4-статья. Тараптардын ар бири өз мамлекеттеринин аймагында экинчи Тараптындрама театрларынын жамааттарын, музыкалык чыгармачыл жамааттарынын жанаартисттеринин гастролдорун уюштурууга көмөктөшөт. 5-статья. Тараптар музей иши тармагында жана көргөзмө ишмердүүлүгү багытындакызматташат, басылмаларды жана адистерди алмашуу жүргүзүшөт. Тараптар Түркия менен Кыргызстандын музейлеринин ортосунда түздөнтүз кызматташуунун түзүлүүсүн ишке ашырууга көмөктөшөт. 6-статья. Тараптар маданият жана искусство мекемелеринин адистеринин орто-сунда түздөн түз байланыштардын түзүлүүсүнө, чыгармачыл, окуу жана или-мий багыттар боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерин бири биринежиберүүнү ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар алдыњкы театралдык жана оюн-зоок мекемелеринде, маданиятжана искусство чөйрөсүндө жогорку билим берүүчү мекемелерде жогоркуокуу жайлардын окутуучуларынын стажировкаларын жана квалификациясын жо-горулатууну уюштуруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүшөт. 7-статья. Тараптар тарыхый жана маданий мурастарды каттоо, сактоо, калыбынакелтирүү, колдонуу, жайылтуу чөйрөсүндө маалымат алмашууну ишке ашыры-шат, калыбына келтирүү иштерин, илимий семинарларды, симпозиумдарды,чогулуштарды жана изилдөөлөрдү биргелешип өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн ка-рашат. Тараптар кыргыз жана түрк элдеринин тарыхый жана маданий мураста-рын каттоо жана изилдөө тармагында кызматташууну ишке ашырышат. Тараптар, өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыкбул чөйрөдө изилдөө жүргүзүп жаткан адистердин эмгегин жењилдетүүгөаракет жасашат, жарандарга музейлерде, китепканаларда жана архивдердеизилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүшөт. 8-статья. Тараптар өз компетенциясынын чегинде, тиешелүү мамлекеттик орган-дар менен биргеликте маданий баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө бир Тарап-тын мамлекетинин аймагынан, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына алыпкирүүнүн жана алып чыгуунун алдын алуу боюнча Тараптардын мамлекеттери-нин мыйзамдарына ылайык кызматташат. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин аймагына мыйзамсыз соодаланыпкелген искусство чыгармаларын, эскиден калган буюмдарды жана археологи-ялык табылгаларды аныктоону жењилдетүү жана мыйзамдуу ээлерине кайтарыпберүүнү ишке ашырууда кызматташат. 9-статья. Тараптар өз ара түшүнүшүүнүн негизде интеллектуалдык менчикти өзмамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана өздөрү мүчө болуп эсептелгенэл аралык келишимдерге ылайык коргошот. Тараптар интеллектуалдык менчик укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдаргатиешелүү басылмалар жана документтерди алмашып турушат. Интеллектуалдыкменчик укуктарын коргоо системасынан келип чыккан пикир келишпестиктер-ди чечүү маселелерине байланышкан маалыматтарды бири бирине беришет.Бири бирине өткөрүлө турган эл аралык конференциялар, жолугушуулар,симпозиумдар жана интеллектуалдык менчик укуктары чөйрөсүндөгү иш-чара-лар тууралуу кабарлашат. 10-статья. Тараптар, өз ара түшүнүүчүлүк негизде өз мамлекеттеринин аймагындаФильмдер жумалыгын өткөрүүнү колдошот жана делегацияларды жиберүүнү иш-ке ашырышат. Тараптар эки мамлекеттин кинематографисттик өндүрүүчүлөрү тарабы-нан биргелешкен фильмдерди даярдоого жана түзүүгө өбөлгө түзүшөт жанаТараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү эларалык кинофести-валдарга артисттердин, режиссерлордун, сценаристтердин, техникалык кыз-маткерлердин катышуусуна көмөктөшөт. Тараптар эки мамлекеттин мамлекеттик телеканалдары аркылуу эки эл-дин маданияты, каада-салттары жана Улуу жибек жолу жөнүндө биргелешкенпрограммаларды жана берүүлөрдү даярдоого, аларды чагылдырууга өбөлгөтүзүшөт. 11-статья. Тараптар өз мамлекеттеринде өткөрүлүп жаткан эларалык китепкөргөзмөлөрү тууралуу бирин бири кабарлап турушат, китепкана ишичөйрөсүндөгү конгресстерге, конференцияларга, симпозиумдарга жана башкаиш-чараларга бири бирин чакырып, катышуусун камсыздайт. Тараптар өз өлкөсүнүн адабияттары менен өз ара таанышуу максатын-да, экинчи Тараптын мамлекетинин авторлорунун китептеринин котормолорунбасып чыгарууга өбөлгө түзүшөт. 12-статья. Тараптар өз ара негизде улуттук китепканалар ортосунда басылмалар-ды алмашууну, изилдөөчүлөргө болгон чыгармаларды колдонууга мүмкүнчүлүкберүүнү, китеп, мезгилдүү басылмаларды, микрофильмдерди, көчүрмөлөрдүж.б. китепкана кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну өнүктүрүүкызматташтыгын камсыздашат. Тараптар, өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын чегинде микро-фильмдерди, CD, DVD жана башка басылма индекстеринин көчүрмөлөрүн,улуттук китепканалардын кол жазмаларын алмашып турууну жүргүзүшөт. Тараптар китепкана иши чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү мак-сатында, өз ара негизде жыл сайын бир китепкана кызматкерин бир жумалыкмөөнөт (1) менен өз ара жиберишүүнү камсыздайт. 13-статья. Тараптар өз ара негизде элдик чыгармачылык маселелери боюнча эларалык статустагы илимий кењешмелерге окумуштууларды, адистерди жанаизилдөөчүлөрдү чакырып турушат, илимий мекемелерде элдик чыгармачылыктемалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө адистерди алмашууну камсыздайт. Тараптар өз ара негизде элдик чыгармачылык чөйрөсүндөгү басылма-ларды алмашууну камсыздайт жана өз мамлекеттеринин аймактарында элдикчыгармачылык боюнча көргөзмөлөрдү өткөрүүнү колдойт. 14-статья. Тараптар эки Тараптын өз ара алмашуусунун негизинде өз өлкөлөрүндөөткөрүлө турган элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөлөрүнө биринбири чакырып турушат. 15-статья. Тараптар өз өлкөлөрүндө өткөрүлүп жаткан эл аралык фольклордукфестивалдарга чыгармачыл жамааттардын, союздардын, фонддордун жана булчөйрөдө иш жүргүзгөн башка уюмдардын, ошондой эле өз алдынча театрлар-дын жана куурчак театрлардын, элдик ырчылардын катышуусун камсыздайт. 16-статья. Тараптар бул Протоколдо каралган төмөндөгү шарттарга ылайык ис-кусство ишмерлерин, көркөм топторду, делегацияларды жана өкүлдөрдү өзара жиберишүүнү ишке ашырышат: - пландалган күнгө алты апта калган мезгилге чейинки аралыкта жи-берүүчү Тарап кабыл алуучу Тарапка төмөндөгү маалыматты жөнөтүшү зарыл:жиберилүүчү адамдын же адамдардын аты-жөнү, алардын кесиптик/академия-лык көркөм наамы, көндүмдөрү, баруу максаты, каралуучу иш программасыжана болуу мөөнөтү; - кабыл алуучу Тарап жиберүүчү күнгө үч апта калган мезгилге че-йинки аралыкта жиберүүчү Тарапка аларды кабыл алууга кат жүзүндөгү ма-кулдугун жөнөтөт; - жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Тарапка жөнөтүлүүчү күнгө он күндөнкем эмес мезгилде кайсы күнү жана кандай транспорттук каражат менен ба-рарын так маалымдайт; - жиберүүчү Тарап, эгер башка макулдашуулар жок болсо, бул Прото-колдун чегинде катышуучулардын иш-чаралар өткөрүлүп жаткан жерге чейин-ки жана кайра келүүчү эл аралык эки багыттагы тењ жол чыгымдарын төлөпберет (эгер ал мүмкүн болбосо, эл аралык аба каттамы бар эњ жакын шаар-га чейин); - кабыл алуучу Тараптын атынан чакырып жаткан уюмдар жергиликтүүшарттарга ылайык, бул Протоколдун чегинде чакыруу менен келгендерди то-гуз күндөн (9) ашык эмес убакыт ичинде жатакана, тамак-аш жана өлкөичиндеги жол чыгымдарын төлөп беришет; - актерлорду, искусство ишмерлерин, музыкалык жана көркөм жамаат-тарды өз ара жиберишүүгө карата каржылык жана башка шарттар ар бир учурбоюнча өзүнчө макулдашылат; - Тараптар өз ара негизде өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынаылайык бул Протоколдун чегинде, кыска мөөнөткө башка Тараптын мамлеке-тинен келген катышуучуларды мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелериндетез медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздайт. 17-статья. Бул Протоколдун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө келип чыкканталаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагыкењешүүлөр жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Тараптар бул Протоколдо каралган төмөндөгү шарттарда көргөзмөлөрдүалмашууну ишке ашырышат: Жиберүүчү Тараптын милдеттери: - көргөзмө ачууга пландалган он эки (12) айдан кем эмес убакыткалган мезгилде көргөзмөнүн техникалык маалыматын кошкондо майда-бара-тынан тартып бардык шарттарын караган сунуштаманы берүү; - кабыл алуучу өлкөдөгү көргөзмө ачылып жаткан биринчи жайга чейинжана көргөзмө жайгашкан акыркы жайдан жөнөткөн өлкөгө же үчүнчү өлкөгөчейинки эл аралык транспорттук чыгымдарды төлөө; - көргөзмөнүн экспонаттарын камсыздоо; - көргөзмөнүн ачылышына алты (6) ай убакыт калганга чейин каталогчыгаруу үчүн кабыл алуучу Тараптын мамлекеттик тилинде жана/же англистилинде зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүү. Кабыл алуучу Тараптын милдеттери: - акысыз негизде зарыл болгон коопсуздук инфраструктурасы бар(температуралык шарттары, кайтаруу ж.б.) тиешелүү көргөзмө салондор ме-нен камсыздоо; - көргөзмөнү коштоп жүрүүчү адамдардын виза алуусун жењилдетүү жа-на ылдамдатуу, көргөзмө материалдарын алып кирүүдө жана алып чыгуудабажы жол-жоболорун жүргүзүүгө жардамдашуу; - көргөзмө экспонаттарын жана башка көргөзмө материалдарынжүктөп-түшүрүүдө, тањгактоодо, экспонаттарды ачып, көргөзмөгө даярдоодозарыл болгон кызматкерлер менен камсыздоо; - каталог басып чыгаруу, зарыл учурда постерлерди жана чакыруу ба-ракчасын чыгаруу; - көргөзмө тууралуу маалыматты калктын катмарына кењири таркатуу,биринчи кезекте, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; - жиберүүчү Тарапка көргөзмө өткөрүү үчүн даярдалган бардык көр-нөк-жарнак жана тааныштыруучу материалдардын үлгүсүн жөнөтүү (каталог,постер, чакыруу баракчасы, тааныштыруучу материалдар). Эгерде көргөзмөнүн экспонаттарына зыян келтирилсе, жиберүүчү Та-рапка керектелүүчү бардык документтер, анын ичинде зыян келтирилгендигитууралуу тиешелүү камсыздандыруу фирмасынан компенсация талап кылса бо-ло тургудай расмий отчет менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Эгерде көргөзмөнүн экспонаттарына зыян келтирилсе, кабыл алуучуТарап дипломатиялык каналдар аркылуу жиберүүчү Тараптын кат жүзүндөгүрасмий макулдугун алмайынча экспонаттарды оњдоого кирише албайт. Көргөзмө өткөрүүгө тиешелүү бардык шарттар көргөзмөнү уюштурупжаткан ведомство менен көргөзмөнү жиберген уюмдун ортосунда өзүнчө ке-лишимдин негизинде сүйлөшүлөт жана аныкталат. Калган бардык шарттары ар бир көргөзмө үчүн өзүнчө чечимге ылайыканыкталат. Коммерциялык негизде өткөрүлүп жаткан иш-чараларды уюштуруунункаржылык маселелери эки өлкөнүн көргөзмөнү уюштуруп жаткан уюмдарынынчечимдерине жараша болот. 18-статья. Тараптар, өз ара макулдашуу боюнча бул Протоколго өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизе алышат. Алар өзүнчө протоколдор менен тариз-делет. Тараптар бул Протоколду ишке ашыруу максатында, кезек менен Түрки-яда же Кыргызстанда иш-чараларды өткөрүшөт жана ушул Протоколду жүзөгөашыруу максатында бир жылдык/көп жылдык иш-аракеттер планын кабыл алы-шат. Бул Протоколдун чегинде өткөрүлүүчү бардык иш-чаралар эки өлкөнүнТышкы иштер министрликтеринин ведомстволору менен, өз ара негизде, Та-раптардын каржылык жана башка мүмкүнчүлүгүнө жараша ишке ашырылат. Тараптар бул Протоколду аткарууну өз мамлекеттеринин улуттук мый-замдарына жана эки Тарап тењ катышуучусу болгон эл аралык келишимдергеылайык ишке ашырышат. 19-статья. Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Протоколдун чегинде кабыл алынуучу иш-аракеттердин планы Про-токолдун 19-беренесинин жоболоруна ылайык ишке кирет. Бул Протокол бир (1) жыл бою жарактуу жана автоматтык түрдө бир(1) жылдык мөөнөткө узартылат. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуужазуу жүзүндө билдирүү менен бул Протоколду буза алат. Бул Протоколдун колдонулушун бузуу же токтотуу билдирүү жиберилгенкүндөн алтымыш (60) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бишкек шаарында 1992-жылдын 3-мартында кол коюлган, Кыргыз Респуб-ликасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Билим берүү, илим жанамаданият тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуу колдонулушун ток-тоткон учурда, бул Протокол дагы күчүн жоготкон болуп эсептелет. Бул Протокол иш-аракетин токтоткон учурда, Протоколдун чегиндебашталган бардык иш-чаралар ушул Протоколдо макулдашылган принциптергежана шарттарга ылайык аткарылат. 2008-жылдын "___" _____________ Анкара шаарында эки нускада, арбири кыргыз, түрк жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдейюридикалык күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Маданият жана маалымат Маданият жана туризм министрлиги үчүн министрлиги үчүн