Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 4-июлу № 341-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республика-сынын Башкы штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө
протоколдун тиркелген дол-бооруна мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Башкы штабынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлиги жана Түркия Республикасынын Башкы штабы Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2008-жыл-дын "____" ___________ Түркиянын Анкара шаарында кол коюлган Кайтарым-сыз аскердик жардам жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Максаты Бул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасы тарабынан КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлигине берилүүчү АКШ доллары эквивален-тиндеги 101175 (жүз бир мињ жүз жетимиш беш) түрк лири суммасына финан-сылык жардам көрсөтүүнү ишке ашыруунун негизги багыттарын аныктоо сана-лат. 2-берене. Алкактары Түркия Республикасы тарабынан берилүүчү финансылык жардам төмөнкүиш чараларды каржылоо үчүн пайдаланылат. 1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчыла-рынын Тынчтык үчүн өнөктөштүк (ТҮӨ) программасынын алкагындагы жанаТеррорго каршы күрөштү өркүндөтүү борборундагы курстарга катышууга кет-кен чыгымдар. 2. Эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүү жана ТҮӨ НАТО иш чараларынакатышуу максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскеркызматчыларынын Түркия Республикасында иш сапарларда болуусуна кеткенчыгымдар. 3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен байланыш офицери-нин Бельгиянын Монс шаарында НАТОнун Өнөктөштүктүн координациялык уяча-сында (ӨКУ) болууга кеткен чыгымдар. 4. Тараптардын макулдашуусу боюнча башка муктаждыктарга болгон чы-гымдар. 3-берене. Ишке ашыруу принциптери Финансылык жардамды ишке ашыруу принциптери төмөнкүдөй аныкталат: 1. АКШ доллары эквивалентиндеги 28500 (жыйырма сегиз мињ беш жүз)түрк лири Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматчы-ларынын Террорго каршы күрөштү өркүндөтүү борборунун жана Түркия Рес-публикасындагы Тынчтык үчүн өнөктөштүк (ТҮӨ) программасынын Окуу борбо-рунун курстарына катышуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө үчүнтөмөнкү принциптер боюнча бөлүнөт: а) бөлүнүүчү акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Коргоо ми-нистрлигинин аскер кызматчыларынын курстарга катышуусу менен байланыш-кан авиабилеттерди, тамактануусун, жайгашуусун жана башка чыгымдарынтөлөө үчүн колдонулат; б) курстарга талапкерлерди тандоо боюнча иш-чараларды пландоо жылсайын белгиленген тартипте өткөрүлөт. 2. АКШ доллары эквивалентиндеги 14250 (он төрт мињ эки жүз элүү)түрк лири Тараптар ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү мак-сатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана анын ТүркияРеспубликасындагы аскер кызматчыларынын чыгымдарын төлөө үчүн бөлүнүпберилет. 3. АКШ доллары эквивалентиндеги 42750 (кырк эки мињ жети жүз элүү)түрк лири Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен байланыш офице-ринин НАТОнун Өнөктөштүктүн координациялык уячасында (ӨКУ) болуусунакеткен чыгымдарды төлөө үчүн бөлүнүп берилет. Бөлүнгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын байланыш офицери-нин муктаждыктары үчүн төмөнкүдөй колдонулат: а) турак-жайды жана офисти ижарага алуу; б) оњдоо жана тейлөө; в) телефон жана факс; г) кењсе буюмдары; д) башка чыгымдар. 4. АКШ эквивалентиндеги 15675 (он беш мињ алты жүз жетимиш беш)түрк лири ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болуучу башкамуктаждыктарга бөлүнөт. 5. Түркия Республикасы финансы каражаттарын Бишкек шаарындагыТүркия Республикасынын Аскер атташеси тарабынан көрсөтүлгөн банк эсеби-не которот. Бул акча каражаттарын колдонуунун тартиби Түркия Республи-касынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын көрсөтмөлөрүнө ылайык ТүркияРеспубликасынын Бишкек шаарындагы Аскер атташеси тарабынан белгиленет. 6. Зарыл болгон учурда акча каражаттарын которуу Түркия Республи-касынын Башкы штабы тарабынан жүзөгө ашырылат. 4-берене. Оњдоолор жана кайра кароо Тараптардын өз ара макулдугу менен бул Протоколго анын ажырагысбөлүгү болуп эсептелген жана бул Протоколдун 6-статьясы менен белгилен-ген тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү оњдо-олор жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон талаш-тартыш-тар жана кайчы пикирлер талкуулоо жана сүйлөшүү жолу аркылуу чечилет. 5-берене. Колдонуу мөөнөтү Бул протокол Түркия Республикасынын Башкы штабы Кыргыз Республика-сынын Коргоо министрлигине финансылык каражаттарды которуу боюнча ара-кеттер аяктагандыгы жөнүндө билдирген учурдан тартып финансылык жардам-ды толугу менен колдонгонго чейин күчүндө болот. 6-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичинде-ги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө түрк Тарабынан жазуу жүзүндөгүбилдирүүнү кыргыз Тарабы алган күндөн баштап күчүнө кирет. 2008-жылдын "___" __________ Анкара шаарында эки түп нускада, арбири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлдү жана баардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Протоколду чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптаранглис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн Башкы штабы үчүн