Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 29-мартындагы № 114-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-августу № 435-б
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк биргелешкен комиссиясынын 2008-жылдын 4-5-сентябрында Түркия Республикасынын Анкара шаарында боло турган кезектеги бешинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Кудайбердиева Айзада Бердибековна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы;
Абылов Мамбетжунус Абылович - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
Асанкожоева Зина Мукаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Ахматов Баходер Сабирович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар жана активдер башкармалыгынын начальниги;
Асангул Бакыт - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин экинчи секретары;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Дюшеев Талайбек Самтыевич - "Кыргызстандарт" улуттук стандарттар жана метрология институтунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги нин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Кадыркулов Алмазбек Апандиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кадыров Радмил Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти;
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Мамашев Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Мокенов Айдар Абдразакович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Нарбаев Каныбек Жайчиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Тайлаков Адыл Абылович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Түмөнбаев Акылбек Рабаевич - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Турдалы уулу Жаныбек - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспортту өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы.
2. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү өз иш-аракетинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү
жөнүндө жобону жетекчиликке алаары белгиленсин.
3. Комиссиянын заседаниесине катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-августундагы № 425-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|